Япон аялдары 50дө да жаш көрүнүш үчүн жуунуунун өзгөчө ыкмасын колдонушат

Бүгүн жарыялоочу ыкманы негизинен япон аялдары колдонушат, бирок алардын түбөлүк жаштык сырлары бизге да жетти.

 

 

 

Эң кызыгы, бул ыкма эң жөнөкөй жана баарынын чөнтөгүнө туура келет, ошондуктан аны баары колдонуп көрүш керек.

Бул ыкманын негизи болуп эртең менен же жатаарда бетти минералдык суу менен жууш эсептелет. Бирок, жууштун алдында, косметика калбагандай кылып бетти өзүңүз көнүп калган ыкма менен жакшылап тазалаңыз.

Ошондон кийин гана газдалган минералдык суу (кадимки эле дүкөндөрдө сатылган) менен бетиңизди жууңуз. Ишениңиз, жыйынтыгында териңиз жылмакай жана жаңылангандай болот.

Бирок, бетиңиздин териси дүүлүгүп кетпеши үчүн бул каражатты бир жумада бир жолу гана колдонуңуз

Жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн ушул жетиштүү да, үнөмдүү да болот.

Минералдык суу менен бетти жууштун дагы бир ыкмасы бар. Муздаткычтын формаларына минералдык сууну куюп, тоңдуруп алыңыз. Эми кадимкидей эле жуунуңуз. Жуунуп бүтүп калганда ошол муз менен бетиңиздин терисин сүртүп чыгыңыз.

Туура жуунунун дагы жөнөкөй ыкмалары:

1. 1 литр кайнаган сууга чай кашык соданын төрттөн бирин кошуп, аралаштырыңыз. Сода сууну жумшартат. Мындай суу менен жуунуш бетке пайдалуу.

2. 1 литр сууга 1 чай кашык лимок ширесин, жана чай кашык соданын төрттөн бирин кошуңуз. Кычкылдашкан суу теринин кычкыл-шакар теңдемин (кислотно-щелочного баланс) сактайт, бул дагы беттин териси үчүн пайдалуу.

Ар жума бул процедуралардын бирин кылып турсаңыз, сиздин бетиңиздин териси баркыттай жана жылмакай болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.