WhatsAppтын бул 10 сыры сизге сөзсүз жагат

Эгер сизде смартфон болсо, анда сиз WhatsApp сыяктуу программалар жөнүндө уккандырсыз, же аны көптөн бери жүктөп алып, күн сайын колдонуп жаткандырсыз.

Бул байланыш үчүн абдан ыңгайлуу программа. Ал SMSке караганда ылдамыраак жана Одноклассники менен Фейсбукка караганда Интернетти азыраак талап кылат.

 

Эми сизге WhatsApp программасынын 10 сыры жөнүндө айтып беребиз, аларды сиз балким билесиз, билбеген болсоңуз, капчыгыңызга салып алыңыз.

Ошентип, WhatsApp менен эмне кылсаңыз болот:

1. Купуялыкты орнотуңуз. Жеке маалыматтардын көрүнүүсүн (статусу, профилдик сүрөтү) тууралоо үчүн, жөн гана «Настройки» — «Аккаунт» — «Приватность» менюсуна өтүү керек. Бирок сиз маалыматты башка көздөрдөн коргогуңуз келсе, «Никто» деген пунктту тандаңыз.

2. Колдонуучуну бөгөттөө. Эгер кара тизмеге бирөөнү кошуу керек болсо, жөн эле «Настройки» — «Аккаунт» — «Приватность» — «Заблокированные» бөлүмүнө өтүңүз. Жогорку оң бурчтагы иконканы басуу менен, бардык байланыштарыңыздын тизмесин көрө аласыз. Кимдир бирөөнү бөгөттөө үчүн, жөн гана ошол контактты тандаңыз.
 

3. Медианы автоматтык түрдө жүктөөнү өчүрүү. Көп саякаттагандар роуминг учурунда файлдарды жүктөп алуунун акысы канчалык кымбат экендигин билишет. Бул параметрди өчүрүү үчүн, «Настройки» — «Настройки чата» — «Автозагрузка медиа» менюсуна өтүү керек. Элементтердин ар бирине өтүп («Мобильная сеть», «Wi-Fi», «В роуминге») жана «Изображения», «Аудио» и «Видео» кутучалардын белгисин алып коюңуз.

4. Үн эскертмелерин башкарыңыз. Үн эскертмелерин өчүрүү үчүн жөн гана «Настройки» — «Уведомления» менюсуна өтүңүз.

5. Жаңы мобилдик номерге өтүңүз. Эгер сиз SIM картаңызды алмаштырган болсоңуз, анда WhatsAppта жаңы аккаунт түзүүнүн кажети жок. «Настройки» — «Аккаунт» — «Изменить номер» бөлүмүнө өтүп, эски номурду ырастап, жаңысын киргизсеңиз жетиштүү болот.

6. Билдирүүлөрдү көчүрүү. Бул пайдалуу өзгөчөлүк сизге керектүү маалыматты жоготпоого жана ар дайым колдо болгонго мүмкүнчүлүк берет. «Настройки» — «Настройки чата» — «Резервное копирование чатов» бөлүмүнө өтүңүз. Бүттү!

 

7. Жок кылынган билдирүүлөрдү калыбына келтирүү. Эгер байкабастыктан же тутумдун иштебей калгандыгынан улам сиздин билдирүүлөрүңүз жок кылынса, аларды калыбына келтирсеңиз болот. WhatsApp ар дайым автоматтык түрдө резервдик көчүрмөлөрдү түзүп, аларды телефонуңуздун MicroSD картасында сактайт. Алгач, WhatsAppты смартфондон жок кылып, кайра орнотушуңуз керек жана мессенджер билдирүүлөр таржымалын калыбына келтирүүнү сураганда, «Восстановить» баскычын басыңыз.

8. Сыр сөздү коюңуз. Эгерде сиздин WhatsApp баарлашууңузду башкаларга көргөзгүңүз келбесе, анда аны мессенджердин сырсөзү менен коргогонуңуз оң. Муну ChatLock сыяктуу тиркемелердин жардамы менен жасоого болот.

9. Ар кандай типтеги файлдарды жөнөтүңүз. WhatsAppта файлдарды жөнөтүүдө айрым чектөөлөр бар. Сиз файлдардын айрым түрлөрүн гана жөнөтө аласыз, алар 15 МБ ашпашы керек. Бул чектөөнү айланып өтүүнү каалайсызбы? CloudSend тиркемесин жүктөп, аны керектүү файлды жүктөп алуу үчүн колдонуп, шилтемени көчүрүп, каалаган досуңузга жөнөтүңүз. Шилтемеге киргенде, каалаган көлөмдөгү файлды жүктөп алса болот.

10. Керексиз файлдардан арылыңыз. Мессенджерди көп колдонгон адамдарын смартфонунун эс тутумуна дайым толуп кетет (мисалы, сүрөт же видео). Керексиз файлдардан арылуу үчүн WCleaner for WA тиркемесин колдонсоңуз болот.

Бонус: Маалыматтагы текстти бөлүп көрсөтүү

WhatsApp чаттарындагы билдирүүлөрдү да форматтоого болоорун билгендер аз. Башкача айтканда, кара, курсив менен жазылган сөздөрдү белгилеп, аларды чийип сала аласыз.
• Жылдызчалардын ичине *текст* териңиз, текст кара калың болуп калат.
• Төмөнкү тиренин ичине _text_ терсеңиз курсив болот.
• Тилла символун колдонуп, тандалган текстти чийип салсаңыз болот: ~ text ~.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.