Валентин күнү эмнени билдирет? Сүйүшкөндөр майрамынын тарыхы

Эң романтикалуу уламышта тойлорго тыюу салган таш боор император, жашыруун үйлөнүү үлпөтүн өткөргөн чиркөө кызматчысы Валентин жана анын сүйүктүүсү жөнүндө айтылат.

Сүйүү күнүн дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жыл сайын 14-февралда белгилешет: бир жарым миң жылдан ашуун убакыттан бери бул күнү миллиондогон адамдар бири-бирине болгон сүйүүсүн айтышат. Anan.kg Валентин күнүнүн чынып келиш тарыхын баяндайт.

 

 

Байыркы Рим Луперкалы

Валентин күнүнүн келип чыгышынын бир версиясында, ал түшүмдүүлүккө жана үйүрлөрдүн колдоочусу Фавна кудайына (Луперк деп да аталган) арналган Луперкалия майрамынан башталат деп айтылат. Ал жыл сайын 15-февралда белгиленип келген.

Салт боюнча, эркектер бул күнү курмандыкка мал чалып, терисинен камчы жасап, жылаңач чечинип, шаарды айланып чуркап, жолдо кезиккен ар бир аялды чаап кетишкен. Аялдар болсо чабууга атайын өздөрүнүн денесин тосуп беришкен: ушул күнү камчы жеген аял төрөйт деп ишенишкен. Бул ырым Римде өтө кеңири тараган: ага атүгүл ак сөөктөрдүн мүчөлөрү катышкандыгы жөнүндө далилдер бар.

 

Кийинчерээк ал ушунчалык популярдуулукка жетип, христиан дининин келип чыгышы менен жок болуп кеткен көптөгөн бутпарастык каада-салттардын арасынан сакталып калган. Белгилей кетүүчү нерсе, көптөгөн тарыхчылар Римдин бул "майрамы" менен кийинки христиан майрамынын ортосундагы байланыш жок, жана бул божомол туура эмес деп эсептешет.

Сүйүшкөндөрдүн колдоочусу тууралуу алтын легендасы

Ыйык Валентин жөнүндөгү эң романтикалуу окуя Рим императору Клавдий IIнин үйлөнүүгө салган тыюусу менен байланыштуу: ал үй-бүлөсү жок эркектер согуш майданында аябай ынталуулук менен күрөшөт деп эсептеген.

Ыйык Валентин дин кызматкери жана кээ бир маалыматтарга караганда, дарыгер болгон. Бактысыз жаштарга боору ооруп, аларга жашыруун нике кыйган (жана ошондой эле урушкандарды жараштырып, чечен эмес адамдарга сүйүү каттарын жазууга жардам берген).

Император анын иши жөнүндө билип калып, дин кызматкери түрмөгө отургузулуп, өлүм жазасына тартылат. Ал жерден Валентин түрмөнүн күзөтчүнүн сулуу кызына жолугуп, кыз Валентинди сүйүп калган. Айрым уламыштарда бойдокчулуктун кабыл алынган антынан улам, дин кызматчы анын сезимине жооп бере алган эмес, бирок өлүм жазасына тартылаардын алдында (13-февраль) ал кызга "Сенин Валентиниң" деп кол коюп, сүйүү катын жазган.

Ыйык Валентин жөнүндө дагы бир уламыш

Дагы бир версияда айтылгандай, Валентин Римдеги ак-сөөк болгон жана кызматчыларын жаңы сектага өткөргөн жашыруун христиан болгон. Бир жолу ал сүйүшкөндөр нике той өткөрүп, бирок үчөөнү тең күзөтчүлөр кармап кетишкен.

Валентин жогорку класстын өкүлү болгондуктан, өлүм жазасынан кутула алмак, бирок жаңы баш кошкон жандар үчүн өз өмүрүн берүүнү туура көргөн. Ал ишенимдештерине христиан сүйүүсүнүн символу болгон кызыл жүрөктөр түрүндө кат жазган. Ишеним жана боорукердик менен ыйыкталган акыркы катын, өлүм жазасынын алдында, Валентин көзү көрүп, сулууга айланган азиз кызга берген. Валентиндерди берүүнүн заманбап салты ушул жерден башталат.

Баса, Валентин ыйыктардын катарына кошулган, бирок жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында анын элеси бардык чиркөөлөрдөн, ыйыктардын элесинин арасынан алынып салынган. Рим-католик чиркөөсү анын ысымын алып салган себеби, Валентиндин шейит кеткендиги жөнүндө так маалымат тапкан эмес.

Валентинканын тарыхы

Биринчи Валентинканын жаралышы Орлеан Герцогуна таандык, ал Лондондогу түрмөдөн аялына сүйүү каттарын жазып турган.

Валентинкалар 18-кылымда, айрыкча Англияда популярдуулукка жетишкен: ал жерде сүйүшкөндөр белек катары, түстүү сыя менен кол коюлган, көп түстүү кагаздан жасалган открыткалар менен алмашышкан.

Бүгүнкү күндө, 14-февралда кызыл кагаздан жүрөк формасындагы открыткаларды берүү салтка айланган.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.