Узун бойлуу сымбаттуу айымдар кодогой толук айымдарга караганда узак жашашабы?

Pora.su сайтына жарыяланган голланддык окумуштуулардын далили аялзатынын боюна жана салмагына карата айтылган.  Окумуштуулардын изилдөө  ишине 7000ден ашуун  68-70 жаш курактагы каалоочулар катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында узун бойлуу, арыкчырай айымдардын бою кыска, толук аялдарга  салыштырмалуу  90 жашка жете жашоого мүмкүнчүлүгү бар экендиги далилденген.

 

 

Көп жылга дейре жүргүзүлгөн эксперимент боюнча  17 пайыз  эркек (433 киши) жана 35 пайыз  аял (944) 90 жашка чыгышкан. Окумуштуулар көп жашаган адамдардын боюн, салмагын, ошондой эле алардын 20 жаш курагындагы бою, салмагы кандай болгон баарын тыкыр  изилдеп чыгышкан. Ошондой эле изилдөө ишине тартылган адамдардын билим деңгээли, жаман жакшы адаттары, күнүнө жеген-ичкен  тамак-ашынын каллориялуулугу жана кыймыл аракети, жашоо образы, өнөкөт адаттары дагы эсепке алынган.

Узакка созулган изилдөө ишинин жыйынтыгында аялдардын бою, салмагы жана жашоо образы узун өмүр сүрөөрүнө өбөлгө түзөөрү аныкталган. Мисалы,  175 см  жана андан бийик аялдар  160 смден төмөн жапыз бойлуу айымдарга караганда 31 пайызга узак жашоого шансы бар экени далилденген.

 

Таң калаарлык далил, эркектердин узак жашашы боюна, салмагына эмес, сергек жашоо образына жараша болот экен.

Facebook барагыбызга жазылыңыз