Узак жашагың келсе бул тамактарды жебе!

Узак жашагыбыз келгени менен оозубузга тийгендин баарын жеп өз өмүрүбүзгө өзүбүз кастык жасайт экенбиз. “Сактанганды Кудай сактайт” демекчи, узак жашап, ден соолугу чың болууну каалагандар айрыкча ичип-жеп жаткан тамак-ашына көңүл буруп, көзөмөл кылышы зарыл. Аптапта муздак балмуздак жегиң келсе албетте, жесең болот дечи. Таптакыр жегенге болбойт деп тыюу салынган тамак-аш деле жок. Болгону кайра иштетилген тамак-аштарга караганда азык-түлүктөрдүн табыгый кезиндегиси алда канча пайдалуу. Маселен, колбасага караганда кайнатылган жаңы эт же балмуздакка караганда балкаймак дегендей. Анда дарыгерлердин кеңешинен кулак төшөйлү:

 

 

Кайра иштетилген эт азыктары: Негизи кайра иштетилген эт азыктарына: ышталган, сүрсүтүлгөн эт (колбаса), бекон (сүрсүгөн, тузу сиңген чочко эти), сосисканы көпкө сактоо үчүн тузду ченемсиз чылап, түркүн консерванттарды аябай кошушат. Андыктан колбаса, сосискасыз жашай албагандардын организминдеги тең салмактуулук бузулуп, ашказан, курч түрдөгү сезгенүү ооруулары менен жабыркашат.

Жасалма таттуулар: Кумшекердин зыяндуулугу тууралуу уккан чыгаарсыз? Жасалма таттуулар андан дагы зыяндуу. Кумшекердин ордуна торт, майрамдык пирог, бал токочторго, шоколад, момпосуй, конфет  ж.б. таттуу-тарапаларга кошулган Сахарин, Аспартам (Е951), Ацесульфам К (Е 950), Цикламат  (Е952) баш болгон кантты алмаштуруучулар тобу  таттууну эңсеп жегендердин организми диабет, нерв тамырларынын сезгенүүсү, боор илдети, аллергия ж.б. оорууларга чалдыгат. Кантты алмаштыруучулардагы химиялык заттардын кошундулары ден соолукту алсыздантып, тамак сиңирүү системасындагы бактериялык тең салмактуулукту бузуп, ар түркүн өнөкөт оорууларга жол ачат.

Кайра иштетилген Сүт азыктарынан дагы абайлоо зарыл. Анткени ак азыктардын курамында абдан көп май, шекер, гормондор жана антибиотиктер болот. Мунун баары эле ден соолукка пайдалуу эмес. Кээ бирөөлөрдө иче-карын дүлүгүүсү пайда болсо, айрым адамдарга кан тамыр, жүрөк илдеттерине жол ачып, диабет илдети башталып, дене салмагы жогорулайт. Мисалы, дүкөндө сатылган кагаз баштыкчадагы сүткө караганда жаңы саалган уйдун сүтү, пласстик идиштерге салынган каймак, быштактарга салыштырмалуу колго жасалган каймак, быштак же жаңы уюган айран организмге албетте, жүз эсе пайдалуу. Бирок, эшектин сүтү рак шишигин айыктырат, бээнин сүтү кургак учукту жок кылат  деген имиштерге ишене бербей, ар бирибиз саламаттыгыбызга дыкат көңүл бурушубуз абзел.

Газдалган суусундуктардын курамында кант абдан көп өлчөмдө. Кыскасы, газдалган суусундуктарды ичкендер суютулган кант менен ар түрдүү химикаттарды ичип жатат десек жаңылышпайбыз. Газдалган суусундуктарды дайыма ичип жүргөндөр инсулин көйгөйү, метаболизм, ал тургай диабеттен азап чегишет, семирип кетүү коркунучу да бар, анан карыган адамдай алжып, унутчаак болуп, кокунучтуу шишик илдетине чалдыгышы мүмкүн.

 

Куурулган тамактар. Кызарта куурулуп, үстүнө кыя кесилген сарымсак себилген картошка кандай даамдуу! Бирок, пайдалуу эмес. Куурулган картошкада организмге абдан зыяндуу майлар бар экенин унтупасак. Фастфуд, көчө тамактарын закуска кылып көнгөндөр кур дегенде картошка менен тоок этин үйдөн эле көп куурубай, буулап бышырып жегени дурус.

Тузу көп тамактар. Үйдөн тамак жасагандан эринип дүкөндөрдөн даяр тамактарды ала коебуз. Жылдап-айлап пласстик баштыкчаларда кардар күткөн даяр тамактарда туз абдан көп, пайдалуу заттар абдан аз. Фабрикаларда жасалып, дүкөндөрдө сатылып, үйүбүздөгү казанга түшкөн даяр тамактарды көп жегендер кан басымдын жогорулоосу, инсульт, жүрөк талмасы оорусуна дуушар болушат.

 

Транс-майлары: Айрым майлар организмге пайдалуу, бирок, транс-майлар тескерисинче өтө зыяндуу. Өндүрүштө транс-майларды азык-түлүктөр көпкө чейин бузулбай сакталсын деген максатта кошушат. Транс-майлар организмге зыяндуу таасирин тийгизип, май клеткаларынын жыйналышына алып келет. Мисалы, жемиштер топтому кошулган  жүгөрү сироп организмдин ачка-токту билүү жөндөмдүүлүгүн жоготот. Жыйынтыгында тамак-ашка тойбой семирип кетебиз. Майсыз тамактар деген жазууларды окуганда пайдалуу экен дейбиз. Майдын ордуна кант, жасалма таттуулар, ар түркүн кошулмалар андан дагы зыяндуу экенин билишибиз керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.