Үйүңүздөгү сиз ойлобогон 6 эң КИР жер

Колуңузду жууган сайын ваннаны колдоносуз. Аны таза деп ойлойсуз, туурабы? Шашпаныз.

Үйүңүздө кооптуу микробдор сакталган бир нече жерлер бар жана аларга тийгенден кийин кайра колду жууш керек экени оюңузга да келбейт.

Бул кайсы жерлер экенин жакшылап окуп чыгыңыз жана раковинаны дароо тазалоону унутпаңыз!

 

Тиш щеткалары үчүн чөйчөк

Эреже катары, ар бир адам ваннада тиш щеткасын кармайт, бирок кээде ал дааратканага абдан жакын болот. Ал эми тиш щеткасы жайгашкан айнек чөйчөк жөнүндө эмне айтууга болот? Аны мезгил-мезгили менен жууп туруу керек. Көрсө, стакандын ичине коркунучтуу микробдор (мисалы, алтын стафилококк), көк жана ушул сыяктуулар толуп кетет. Алардан арылуу үчүн чөйчөктү жумасына эки жолу самындуу ысык суу менен жууш керек.

Ванна килемчеси

Ваннаданы килемче нымдуу полго жатып, күн бою жай кургап, бактерия жана көктүн нымдуу чөйрөсүн камсыз кылат. Килемиңиз дайыма стерилдүү болушу үчүн, аны кургатуу үчүн илип турууну унутпаңыз. Үстүнө сода себелеп, 30 мүнөт коюп, анан тазалап турсаңыз болот.

Ашкана раковинасы

Ашкана раковинасында ажатканага караганда көбүрөөк бактерия бар экенин элестете аласызбы? Бирок чындыгында ушундай. Ал жерде чийки этти жууйсуң, кир идиштерди саласың. Эң чоң көйгөйлүү жери резина тыгындысы. Бул бактериялардын көбөйүүчү жери жана аны менен байланышта болгон нерселердин баарын булгап коюшу мүмкүн. Аны жууганга самын менен суу жетпейт. Сизге лимон ширесинин жана ак уксустун эритмеси керек болот. Щетка менен жок дегенде жумасына бир жолу бул эритмеге малып, раковинаны жана анын резина тыгындысын тазалаңыз.

 
Муздаткычтын эшигинин резинасы

Муздаткычты үзгүлтүксүз тазалоо керек, андан эски тамактарды алып салуу керек. Анын эшиги жөнүндө унутпашыбыз керек, анткени ал жер көгөрүп кетет. Резинаны жумасына бир жолу ак уксустун бир бөлүгү жана суунун бир бөлүгүнүн эритмеси менен тазалоо керек. Эритмени спрей бөтөлкөгө куюп, резинаны тазалап, 5 мүнөткө калтырыңыз, андан кийин таза чүпүрөк менен сүртүп, кургатып коюңуз.

Эшиктин алдындагы килем

Бут кийимиңиз таза көрүнүшү мүмкүн, бирок ар бир жолу бутуңузду сүрткөн килемде канча кир чогула турганын элестетиңиз. Эгер бут кийимиңизди сыртка калтырбасаңыз, килемиңизден микробдорду үйүңүзгө таратасыз. Килемди чаң соргуч менен тазалап, калган чаңды силкип, сода эритмеси менен чачып туруңуз. Таза килемди кир жерге койбош үчүн килемдин астын шыпырууну унутпаңыз.

Уюлдук телефон

Уюлдук телефонуңуздун "жашоосунан" бир нече мүнөттөрдү элестетиңиз. Жуулбаган кол менен аласыз, канчалаган жерге тиет, кээде полго түшөт, анан бетиңизге, кулагыңызга такайсыз. Уюлдук телефондо стафилококк жана сальмонелла бар, ал эми коргоочу каптары микробдорго жык толгон микробдун мекени болот. Кычыктарынан кирди кетирүү үчүн тиш чукукту колдонсоңуз болот. Убакыт менен телефонду жумшак нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруу керек.