Уюлдук телефон тууралуу ар ким билип алчу, бирок көпчүлүк билбеген 14 факт

Уюлдук телефондор, смартфондор, айфондор биздин жашоону толугу менен басып алды. Бул гаджеттерсиз, көпчүлүк өз жашоосун элестете албайт. Ошол эле кезде, ал кантип пайда болгонун, жана заманбап мобильник эмне экенин көпчүлүк биле бербейт. Алдыда, гаджеттер дүйнөсүнөн кызыктуу фактылар.

 

 

1. «Аполлон-11ден» да күчтүү

Смартфондор күндөн-күнгө күчтүү болуп келатат. Бүгүнкү күндө орточо уюлдук телефон, айга конгон “Аполлон-11” станциясынан алда канча күчтүү.

2. 80-жылдан бери

Биринчи уюлдук телефон АКШда 1983-жылы сатыкка чыккан, баасы 4000 доллар болгон. Биринчи сенсордук экраны бар смартфон 1994-жылы IBM тарабынан чыгарылган.

3. Алдыда Apple

2012-жылы Apple компаниясы бир күндө 340 000 даана iPhone сатып, рекорд койгон.

4. Коркунучтуу жана эки жүздүү

Бардык эле телефондун үстүндө, унитаздын отургучундагы бактерияга караганда 18 эсе көп бактерия  бар. Бул далилденген. Ошондой эле уюлдук телефон уйкусуздукка, баш ооруга жана ой топтой албоого алып келет.

5. Суу өткөрбөйт

Япониянын уюлдук телефондорунун 90%ы суу өткөрбөйт. Мунун себеби жөнөкөй – жаш гаджет сүйүүчүлөрү душка түшүп атып колдонот экен.

6. Coca-Cola жана заара менен иштейт

Окумуштуулар телефонду заряддагандын жаңы ыкмасын ачышты. Заараны колонуу менен. Ошондой эле Coca-Cola менен иштегени да бар. Болгону суюктукту атайын бөлүгүнө куюш керек.

 
7. Motorola ата

Биринчи мобилдик чалуу 1973-жылы кылынган. Аны Motorola компаниясынын ойлоп табуучусу Мартин Купер кылган.

8. Номофобия кылат

Жаңы гаджет жаңы психикалык оору пайда кылды. Бүгүнкү күндө дарыгерлер фобиянын жаңы түрүн ачышты – “номофобия” – уюлдук телефонсуз калуудан коркуу.

9. Өтө көп көңүл талап кылат

Орто статистикалык адам смартфонунун экранын күнүнө 110 жолу карайт. 47% америкалыктар смартфонсуз жашоосун элестете албайт.

10. Nokia 1100

Чыныгы бестселлер болуп Nokia 1100 саналат. Бул моделдин 250 миллион даанасы сатылган.

11. Вирус жугат

99% жаман программалар Android системасы үчүн иштелип чыккан

12. 250 000 патенттин аркасы менен

Смартфон жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Смартфон технологиясы 250 000 патенттин аркасы менен ишке ашаарын көпчүлүк билбейт.

13. Чемпионатка катышат

Уюлдук телефонду алыстыкка ыргытуу Финляндияда расмий оюн катары кабыл алынган.

14. Жашоонуну бир бөлүгү болуп калган

Малайзияда СМС менен түгөйлөрдү ажыраштырууга мүмкүн болгон мыйзам кабыл алынган.