Үйлөнүү күнү эле ажырашаарын алдын ала айтса болот. Мына анын 6 белгиси

Психологдор ажырашууну той күнү алдын-ала айтууга болот деп ишенишет. Буга бир нече адам көңүл бурган майда-барат нерселер көрсөтүлөт, бирок көйгөйлүү үй-бүлөлөр менен баарлашууда бай тажрыйбасы бар адамдар бул маалыматтарды маяк деп эсептешет.

Ошентип, той күнү эле жубайлар алыс барбасын көрсөткөн 8 белгини сунуштайбыз.

 

 

Тойго чакырылгандардын 20% дан ашыгы келген жок

Чакырылгандардын болжол менен 10-15% тойго катыша алышпайт. Бирок көрсөткүч 20% га же андан жогору болсо, анда себептер жөнүндө ойлонууга арзыйт. Адатта, чакырылгандардын ушул 20% ы бул биримдикке ишенбейт, достору жана туугандары бул мамиленин бекем эместигин баамдай алышат... Чекеден жакшы көрүнөт дегендей.

Экөөнүн бирөсү сүрөткө түшүүдөн баш тартат

Камераны көргөндө аллергиялык реакцияга кабылгандар бар. Албетте, башка шарттарда түшүнсө болот... Бирок үйлөнүү күнү, эгер сүйүктүү адамы үчүн ыңгайсыздыктан качып, сүрөткө түшүүдөн баш тартса, демек, бул, үй-бүлөлүк жашоодо "Мен бармагымды көтөрүп койбойм" дегенге барабар, албетте мындай союз көпкө узабайт.

Жасалма сезимдер

Бул эмоциялардын жетишсиздигинин белгиси. Ушундай күнү өзүңүздү сүйгөндөй кылып көрсөтүшүңүз керек болсо, анда бул өтө коркунучтуу.

Скандал

Кызыгы, тойдогу мушташтар жана чуулгандуу окуялар дагы ажырашуунун белгиси. Айрыкча, ар кайсы тараптан келген коноктор тил табыша албаса. Көбүнчө, бул түгөйлөрдүн айлана-чөйрөсү ар кандай адамдар болгондон келип чыгат, натыйжада жашоо образы жана баалуулуктар жөнүндө ар кандай түшүнүктөр бар экендигин айгинелейт.

Шылдыңчыл тамашалар

«Мен 1000ден ашуун тойлордо иштедим, байкашымча, эгерде күйөө бала менен келин күнү бою тиштешсе, убакыттын өтүшү менен чыр-чатактар ​​курчуп кетет. Кээде бири-бирин тамашалап жатабыз дешет, бирок адатта ар бир тамашада же "чукуламайда" кандайдыр бир чындык бар. Майда-чүйдө эле нерседей, бирок анын мааниси терең» - дейт америкалык белгилүү фотографы Роб Грир кырдаалды түшүндүрүп жатып.

Жаңы үйлөнгөндөр дээрлик сүйлөшүшпөйт

Негизги майрам банкеттен башталат. Дал ушул жерде жаңы үйлөнгөндөр жаңы статусун белгилей башташат. Чындыгында бактылуу түгөйлөр бул сый тамакты чогуу өткөрүшөт: бийлешип, чекеге чыгып сүйлөшө калып дагы. Бирок, мисалы, эгер күйөө бала көп убакытка келинди бий аянтчасында же столдо жалгыз калтырып, достору же туугандары менен сүйлөшүүгө кетип калып турса, анда бул тынчсыздануунун белгиси.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.