Уйку алдындагы 7 туура эмес адат. Булар жөнүндө унутканыңыз туура

Уйку – бул бизди эртеңки күнгө даярдаган, организмдин иш аракети. Организм калыбына келип, күчүбүздү, иммунитетибизди күчтөндүрүп, калыбыбызга келчү учур. Мээбизге келсек, күнү менен чогулган маалыматты ирээтке келтирип, маанилүүсүн эсибизде калтырат. Ошол үчүн уйку жашообузда эң башкы түзүлүш. Ар кандай факторлорго караштуу кээде уйкубуз канбай калган учурлар болот. Андан сырткары кээ бир адамдар кеч жатып эрте туруп жүрүшөт. Сизге таттуу жана каттуу уйку алып келчү 7 кеңеш сунуштайбыз.

 

 

Жатаар алдында суу ичпеңиз

Организм туура иштешине эң керектүү суу болуп эсептелет. Муундун көлөмүн тууралап, организмден ашыкча зыяндуу заттарды чыгарганга жардам берет. Жатаар алдында суу ичип алсаңыз түндө ажаатканага бир нече жолу турганга туура келип уйкуңуз бузулат.

Күндүз уктабаңыз

Көпчүлүгүбүздө күндүз бир тырп этип алмай адатыбыз бар. Организмдин айлануу цикли бузулат, ошондуктан күндүз уктабаганга аракет кылыш керек.

Компьютердик техника менен колдонбоңуз

Азыркы муундун "каргышы" – жаңы технологиялар жана проводсуз интернет. Керебетте жатып алып сериалдарды, ток шоуларды көп убакыт көргөнгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул канчага чейин созулаарын баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан бул адаттан арылыш керек.

Кечки тамагыңызды көзөмөлдөңүз

Жатаардан 3-4 саат мурун тамактаныңыз. Тамак сиңирүү системасы сиңип бүткөнчө иштеп, уктатпайт.

Уйкуну туура тартипке келтириңиз

Уйкуну туура тартипке келтирип, ошону сактагыла. Тартипке душка түшүү, тиш жууганды, китеп окуганды кошкула. Бул адаттарга көнгөндө уйкуңуз да жөнгө салынат.

Эч кандай кофе!

Бул суусундукта кофеин болгондуктан сизди уктатпайт. Жатаарга 4 саат калганча ичпей эле коюш керек. Кофеин организмде зат алмашууну жакшыртаары калетсиз деңизчи, бирок жакшы уктап эс алыш үчүн жатаар алдында ичпеш керек.

Уктаганга туура жана ыңгайлуу абал тандап алуу керек

Ар бир адамдын өзүнө жаккан ыңгайлуу абалы бар. Ал абалда уктоо оңой. Уйку гана канбастан моюн, ийин ооруларынан арыласыз.

П.С. Врачтар чалкалап же капталдап жатканды сунушташат. Көмкөрөдөн жаткан сунушталбайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.