Үйгө байлык алып келүүчү буюмдар

Үйгө жакшылык, байлык алып келүүчү ырым-жырымдар бар. Каражат маселеси ийгиликтүү чечилсин десеңиз турак жайыңызга бул буюмдарды орду-орду менен жайгаштыра билиңиз. Алардын айрымдары тууралуу азын-оолак сөз кылалы.

 

 

Бал

Бул таттуу азык үйдө сөзсүз болушу керек. Анткени бал турган үйдө ирээттүүлүк өкүм сүрүп, байлык топтолот. Бал – эмгекчилдиктин, өжөрлүктүн символу. Үйгө береке агылып келип, молчулук болсун десеңиз бал сактап коюңуз. Бал шкафтын бурчунда турушу керек.

Алма

Байыркы орустар үйдө токчулук, береке кут болушун каалагандар дайыма дасторконго алма коюп койсун дешкен. Алма үйгө ийгиликти жана жакшылыкты чакырат деген ишеним болгон. Ашканага айнек чөйчөккө толтуруп ширелүү кызыл-тазыл, ак, жашыл алмаларды толтуруп коюп коюңуз. Бул алмага эч ким тийбесин, алма эскире баштаганда жаңысына алмаштырып коюңуздар. Алманын турушу үй ээлеринин маанайын көтөрүп, кубанычка гана бөлөбөстөн, тагдырдын оор сыноолорунан сактап, үй бүлөгө жакшылыкты алып келет.

Кызыл жүн жип

Бир түрмөк ийрилген жүн жип сатып алыңыз. Башка эч кандай түстөр кошулбаган ачык кызыл жип болушу керек. Үйгө келгенде жипти жыгач илмекке ороп коюңуз. Жыгач иймек болбосо узун жыгач кашык жарайт. Анан тумар катары уктоочу бөлмөгө коюңуз. Бул тумар үй ээлери жакшы уктап, жай турушуна, күч топтоп, бир багытты беттеп иштеп, кирешеси көбөйүшүнө түрткү болот экен.

Булак суусу куюлган карапа

Үйдө чоргосу бийик кооз карапа болсун. Пластик же жыгач карапалардын кереги жок. Айнек карапа болгону түзүк. Карапага булак суусун толтуруп үйүңүздүн көрүнүктүү жерине коюп коюңуз. Суу үйдөгү маалыматтарды сактап калуу касиетине ээ. Андыктан сууну куюп жатканда жалаң гана жакшы тилек, ой максаттарды ойлонуп, үйгө бакыт, байлык, ийгилик жана жакшылык келишин күбүрөй тилениңиз. Булак суусу үйдү терс энергиядан сактап турат.

Үч буттуу алтын бака

Азыркы учурда мындай бака ар бир үйдө бар. Анткени ал байлыктын, материалдык жетишкендиктин тумары. Эгер үйүңүздө үч буттуу, оозуна тыйын тиштеген бака жок болсо сатып алыңыз. Бул фэн-шуй илиминен бизге жеткен тумар. Бакаларды чопо, металл ал тургай пласстиктен да жасап жатышат. Бул бака үйүңүзгө байлык гана чакырбастан, кооздук катары да көрк берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.