Үйгө бакыт алып келе турган 7 нерсе

Эгерде сиздин үйүңүз саркеч дизайндуу жана таза болсо, анда ал анын жайлуу экенине кабар бербейт. Окумуштуулардын айтымында, чындап эле жайлуу үйдүн көптөгөн сырлары бар, аларды сизге кубаныч менен тартуулап беребиз!

 

 

 

Жашыл жана сары дубалдар.
Окумуштуулар радуганын ичиндеги түстөрдүн арасынан дал ушул 2 түс адам баласына көбүрөөк бакыт алып келет деп тандашкан. Биз сизге толук баардык дубалды ушул түскө өзгөртпөстөн кичине жерин боеп көрүүнү сунуштайбыз.

Үйдө өстүрүлө турган гүлдөр.
Бул сизге акчаны текке кетиргендей сезилет, бирок бир гана гүлдесте үйдү түп-тамырынан бери өзгөртө алат. Көптөгөн изилдөөлөр үйдө гүлдөрдүн бар болушу канааттануу жана бактылуулук сезимдерин тартуулаарын далилденген.

Жыпар жыттуу шамдар.
Алар ар дайым стресстен арылууга жана оор күндөн кийин эс алууга жардам берет. Мындан тышкары, жагымдуу жыт сиздин квартираңызды жайлуу кылат жана көптөн күткөн жан дүйнөңүзгө жылуу сезим тартуулайт.

Үй жаныбарлары.
Окумуштуулардын айтымында, төрт буттуу достор адамдарга жакшы таасир тийгизип, атүгүл айрым психикалык ооруларды айыктырууга жардам берет. Мындай дос тапкан адам өзүнүн мүнөзүн кескин өзгөртөт, үйүндө дайым бирөө күтүп турганын эстеп жүрүш эле кандай керемет.

 

Төшөктү жыйнап, иретке келтирүү.
Бул күнүмдүк эле майда-чүйдө жумуш деп санашыңыз мүмкүн, бирок күнүңүздү туура баштоого жана туура жолго багыт алуууга мына ушундай майда нерселер жардам берет. Кечинде келип төшөктүн сыртын ачып жаңы төшөккө жатканга эмне жетсин.

Үй бүлөлүк сүрөттөр.
Эгер керебет столуңуз дайыма чөйчөктөргө, журналдарга жана ар кандай шаймандарга толуп чачылып жатса. анда сиз бул жаман адаттын үстүнөн бир аз иштешиңиз керек болот. Бул башаламандыктарды үй-бүлөлүк сүрөттөр салынган рамкалар менен алмаштырыңыз - ошондо бөлмө канчалык жылуу жана ыңгайлуу болуп калганын байкайсыз.

 

Бош мейкиндик.
Изилдөөлөр далилдегендей: үйүңүздө ашыкча нерселер көп кездешкен сайын, стресстин деңгээли ошончолук жогорулайт. Илимпоздор муну, аялдар аң-сезиминде үйдөгү башаламандыкты өзүлөрүнүн ийгиликсиздиги менен байланыштырышат, - деп айтышат. Ошентип, бактылуу жашагыӊыз келсе тоскоол болгон ашыкча, керексиз нерселерден мүмкүн болушунча эртерээк арыла баштаңыз.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.