Үйдөн ооруу-сыркоо, терс энергияны кантип шыпырып салабыз?

Байыркы Орусияда шыпыргы магиялык буюм катары саналган. Анын жардамы менен жаман энергияларды үйдөн кууп, жагымсыз нерселерди шыпырып-тазалоо менен бирге кедейликти дагы шыпыргы менен шыпырып салуу ырым колдонулган. Шыпыргынын жардамы менен славяндар үйгө жакшылыкты жана байлыкты чакырышкан.

 

 

 

 

Терс энергияны шыпырып салабыз

Ай кемип бараткан учурда үйдүн баардык бөлмөлөрүн , бурчтарын, эмеректердин алдына чейин шыпырып чыгабыз. Бардык шыпырындыны босогого чогултабыз. Үйдүн босогосу эки дүйнөнүн кире бериши катары эсептелет. Шыпырындыны калак менен чыгарып, желим баштыкка салып жатып “таштанды таштандыга, жакшылык жакшылыкка. Башка адамдын жамандыгынын кереги жок, каяктан келсең ошол жакка кет” деп, шыпырындыны шыпыргы менен кошо көчөгө алып чыгып, таштандыга таштап, артыңа кылчайып карабастан үйгө түз келүү керек.

Шыпыргы менен ийгиликти уурдашкан...

Илгери славяндар шыпыргы менен ийгилик жана жакшылыкты уурдаган ырымды колдонушкан экен. Бай, ийгиликтүү адамдын дарбазасынын алдындагы жерди шыпырып жатып: « Силердин байлыгыңар, ийгилигиңер, жакшылыгыңарды мен жыйнап алдым” деп чогулган топурак, таштандысын алып келип, эшик алдындагы таштанды челекке ыргытышкан. Таштанды таң атканча челекте түнөшү керек. Андан кийин гана аны төгүп салуу керек. Мындай жол менен канчалык деңгээлде ийгиликти жыйнай аласың ким билет, бирок жамандык жасабай, жакшы ой менен иши жүрүшкөн адамдардай ийгиликтүү болууну каалаган ырымды чын дилиңен жасап койсоң дагы болот.

 
Кайсы күндөрү акча, байлык келсин деп үйдү шыпырабыз?

Үйдү жыйнап, тазалап аны менен кошо байлык келсин десеңиз күн сайын эле шыпырына бербеңиз. Шыпырып тазалоо үчү ыңгайлуу күндөр бар:

 

  • Дүйшөмбүдө шыпырынып тазалануунун кереги жок – акчаңды жоготуп аласың.
  • Шейшембиде шыпырып тазалай бериңиз – акча табасыз. Бул күнү тазаланып, үй-жайын ирээтке келтиргендер чыгашанын ордун киреше менен толукташат.
  • Шаршембиде шыпыргыны колунан түшүрбөгөн кожойкелердин соодасы жакшы жүрүшөт. Ушул күнү полду шыпырып, жуугандар бизнес жана сатып-сатып алууда ийгиликтүү болушат.
  • Бейшембиде шыпыргыны алыс коюңуз, бул күнү шыпырынган үй бүлө акча тартыштыгынын азабын тартат. Шыпырынгандын ордуна үйдүн айнектерин ачып, үй ичин желдетиңиз. Чыгаша, жакырчылык полдогу чаң менен кошо терезе аркылуу сыртка чыгып кетет имиш.
  • Жума күнү шыпырып-тазалангандар акчасын болбогон нерселерге сарптап чөнтөгү бош калат.
 
  • Ишембиде үйдү, эшиктин алдын шыпырган аялдар үйгө акчаны чакырат
  • Жекшембиде үй ирээттеп, шыпыргы кармабай эле тынч олтуруңуз. Шыпырынган адамдар көйгөйлөргө дуушар болушат. Негизи жекшемби эс алуу күнү, тазаланууга ылайыксыз..
  • Жакшы ой-тилек менен чаңдарды шыпырып, полду жууп жатып эмнеден кутулгуңуз келгени жана эмнени каалайсыз мына ушул тууралуу ойлонуңуз. Тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандагы ой-тилек, каалоолор ишке бат ашат.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.