УЯТ! Кыргыз жигиттери Аравияда өткөн фестивальда уят кылышты

Сауд Аравияда өткөн “Көчмөндөр ааламы” атту фестивальга барган кыргыз делегациясы тартипсиздигин көргөзүштү. Бул тууралуу журналист Бегимай Жаныбекова айтып чыкты.

 

 

9-марттан 19-мартка чейин өтө турган көчмөндөрдүн фестивальына Кыргызстандан атайын делегация жөнөп кеткен. Ал жерген барган кыргыздар тамак ичүү учурунда ар кандай этикага жатпаган кыймыл аракеттерин көргөзүшкөн.

 

Швед үстөлү болгон учурда тамактарды ашыгы менен салып алышып аларды жебестен калтырып кете беришкен. Өздөрү менен кошо суусундуктарды жаткан бөлмөлөрүнө чейин көп кылып ташып кетишкен. Жыйынтыгында башкаларга тамак-аш, суусундуктар жетпей калган.

 

Ак калпак кийип алып кыргыз желегин башка мамлекеттерге таанытып жаткандан кийин жигиттерибиз адептүүлүгүн көргөзүшсө болмок дейт журналист. Бул тууралуу өз ой-пикириңерди комментарийге калтыргыла.

Facebook барагыбызга жазылыңыз