Үй бүлөсүнөн жашырынып шаан-шөкөттүү үлпөт өткөрөм деген жигит бөйрөгүн саткан. Бир айга жетпей өлүп калды

Адам карызга жашаганга көнгөн. Бүгүнкү күндө адамдар насыяны бардык нерсеге алышат: үй алганга, машина, керек болсо, биткойн алганга да. Той топурлар үчун алынган насыя менен эч кимди таң калтырбайсың. Бирок, насыяны кайтарыш үчүн ден соолугуңду, ал эле эмес, өмүрүңдү да берип коюшуң мүмкүн.

20 жашар украиналык жигит сүйгөнүнө жүрөгүн арнап, унутулгус, жомоктогудай үлпөт өткөргөнгө сөз берген. Бирок, жигит өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн караган эмес: эң эле жөнөкөй үлпөт, адатта, 3 миң доллардан ылдый болбойт да. Ошондо ал айласыз кадамга барган.

 

Жигит, татыктуу үлпөт өткөрүүгө акча чогултуу үчүн, чет өлкөгө иштегени кеттим деп үй бүлөсүнө айткан. Ал жактан кайра 15 миң доллар менен кайтканда, туугандары мынча кыска убакта кантип байып келгенине таң калышкан деле эмес.

Кыялдагы үлпөт өлүм менен аяктады.

Көп өтпөй жигит ооруп калган. Туугандары менен аялы шок болушкан: күчтүү саламат 20 жашар жигит көз көрүнө өчө баштаганына.үлпөттөн кийин бир ай өтпөй ал өлүп калды. Союп көргөндөн кийин гана, туугандары өлүмдун себеби эмне болгонун түшүшүнүнкөн. Жигит бөйрөгү алынгандан кийинки кошумча оорудан көз жумган.

Ал сүйүктүү айымын бактылуу кылгысы келген, бирок, ордуна кайгы менен көтөрө алгыс күнөө сезимин калтырды.

Бул жалгыз окуя эмес. Жылына 30га жакын украиналыктар өз органдарын мыйзамсыз сатышат. Көбүнчө Эквадорго, Азербайжанга жана Косового, бөйрөгүн, боорунун бир бөлүгүн же чучугун (костный мозг) сатканы барышат.

Операциядан кийин акчанын кичине бөлүгүн гана алышат, 3 миңден 15 миң долларга чейин, ал эми орган сатуучу рынок 20 млрд деп бааланат. Көбүнчө мындай сатуучулар көз жумушат же инвалид болуп калышат.

Бул үлпөт адам өмүрүнө тактыктуу беле? Балким бул окуя, өз органдарын сатып байым дегендер үчүн сабак болоор.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.