Үй бүлөлүү эркектерге ажырашкан эркектен эпикалык 20 кеңеш

Үй бүлөдө мамилелер кандай гана оор болбосун, үй бүлөнү сактап калыш үчүн күрөшүш керек. Балким, мен мамилелер боюнча эксперт эмесмин. Бирок ажырашканда алган тажрыйбам, менде экинчи мүмкүнчүлүк болгондо эмнени өзгөртөт элем деп ойлонгонго түрткү берди. Мен жашоомдун эң мыкты учурларын чогу өткөргөн аялдан ажырадым. Менин катамды силер кайталашыңарды каалабайм.

Эгерде мамилеңер мурдакыдай кубаныч тартуулабаса, анда ойлонгонго убакыт келди!

 

1. ЭЧ КАЧАН аялыңызга жагынганды токтотпоңуз

Менин эң чоң катам - аялымды адаттагыдай кабыл алганым. Жаңы үйлөнүп жатканда, ал үчүн баарына даяр болуп, аны коргойм деп ишенесиң да. Бирок, жылдардын өтүшү менен бул сөздөр унутулуп баштайт.

Сиздин аялыңыз – бул жашооңуздагы эң маанилүү жана ыйык байлыгыңыз. Сиз өзүңүз тандап алгансыз. Бул жөнүндө эч качан унутпаңыз. Жана колдоп тургандан эринбеңиз.

2. Жүрөгүңүздү коргоңуз

Сиз анын жүрөгүнүн эле коргоочусу болбой, өз жүрөгүңүздү да коргошуңуз керек. Башка аялдардан дыкат сактаңыз. Өзүңүздү сүйүп, майда чүйдөгө алмаштырбаңыз. Жүрөгүңүздү аялыңыздан башка эч ким талашпашы керек. Ал биринчи муктаждык менен кире алгандай болуш керек.

3. Сүйүңүз. Кайра, кайра

Сиз ар дайым өзгөрүп турасыз. Сиз баягы жаңы үйлөнгөн жаш бала эмессиз. Беш жылдан кийин ушул боюнча калбайсыз. Өзгөрүү үзгүлтүксүз болуп турат, ошондуктан чогу жашооңузду күндө тандашыңыз керек. Күрөшүңүз, көңүлүн бурдурганга жаңы таанышкан кездегидей аракет кылыңыз.  

4. Жакшы жактарын гана көргөнгө аракет кылыңыз

Көңүлүңүздү анын кыжырланткан эмес, жакшы көргөн жерлерине гана буруңуз. Ошондо гана ага болгон сүйүүңүз артат. Жашооңуздагы эн бактылуу көз ирмемдерге жана кайсыл учурда аны эң жакшы көргөн болсоңуз ошол учурларга көңүл буруңуз. Жөн жерден үйлөнгөн жоксуз да!

5.  Аны өзгөрткөнго аракет кылбай эле коюңуз. Бул сиздин милдет эмес

Сиздин милдет жөн эле аны сүйүү. Инсандык параметрлерин өзүңүзгө тууралабай эле коюңуз. Аны сындырбаңыз. Ошондо гана ал, сиз андан да ашык сүйүп калгыдай өзгөрөт.

6. Өз жоопкерчилигиңизди өз мойнуңузга алыңыз

Эмоцияларыңыздын жоопкерчилигин өз моюнуңузга алыңыз. Өз бактыңыз аялыңыздын сизге болгон камкордугу эмес. Өзүңүз каалабасаңыз ал сизди бактылуу кыла албайт. Үй бүлөңүздүн бардык мүчөлөрү бактылуу болуусуна сиз жоопкерчиликтүүсүз. Эгерде бактылуу боло алсаңыз ал дагы, үй бүлөңүз дагы бактылуу болот.

 

7. Ачууланып жатканда аны эч качан күнөөлөбөңүз

Аялыңызга ачууланып турганда, бул сиздин өз эмоцияңыз жана жеке тандооңуз. Сиздин эмоцияңыз – сиздин жоопкерчилигиңиз.

Аялыңыз сиздин кичине кезиңиздеги жаратыңызды айыктырганга же артыңыздан “мурдуңузду аарчып” жүргөнгө милдеттүү эмес. Эгерде керек болсо тыныгуу алыңыз, жалгыз болуп, өзүңүздү талдап көрүңүз. Эмоцияңызды туруктуу кылганда үй бүлөңүздөгү мамиле калыбына келип калганын байкайсыз.

8. Аялыңызга жөн эле жашаганга уруксаат бериңиз

Маанайы чөгүп турганда же капа болуп турганда дароо оңдогонго аракет кылбаңыз. Анын позитивдүү көңүлү – сиздин ишиңиз эмес. Кээде жинденип, ачууланып же кол түшүрүү - бул нормалдуу көрүнүш экенин түшүндүрүңүз.

Аялдар өтө сезимтал келишет. Сиз эч нерсе кыла албайсыз. Бирок, ал сизге таянганга болоорун билиш керек. Ачуусу басылганда сизди күчтүү жана эрктүү экениңизди түшүнөт. Сизге ишенгенге болоорун, сиз, ал ар бир ачууланган сайын эшикти жаап кетпешиңизди. Кандай гана кыйынчылык болбосун сиз анын жанынан кетпешиңизге ишендириңиз.

 

9. Келесоо көрүнгөндөн корпоңуз

Өзүңүздү өтө олуттуу карабаңыз. Андан көрө көп күлүңүз. Аны да күлдүрүңүз. Күлкү жашоону оңой кылат.

10. Ички дүйнөсүнө күндө кириңиз

Кайсыл учурда ал өзүн сүйкүмдүү жана корголгон болоорун билиңиз. Колуңуздан келсе жашоосуна канааттанган сезим тартуулаган 10 нерсенин тизмесин түзүңүз. Аны биринчи орунга коюңуз. Күндө өзүн ханыша сезгендей кылыңыз.

11. Катышыңыз

Анын жашоосуна ыкылас коюп мамиле кылыңыз. Бир нерсе айтып берип жатса угуңуз. Кечинде “бош” мээңиз менен сүйлөшүп отуруш үчүн баарын кылыңыз. Эң баалуу кардарыңыздай мамиле кылыңыз.

 

12. Сексуалдуулугун кабыл алыңыз

Сексти жөн эле стресстен бошонуу ыкмасы катары карабаңыз. Секс - жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө киргенге жол. Назиктикте балкытыңыз. Сизге төшөктө да, жашоодо да 100% ишенгенге болоорун сезсин.

13. Келесоо болбоңуз

Келесоо болбоңуз, бирок кээде болгондон коркпоңуз. Сиз ката кетиресиз. Ал да ката кетирет. Андан да чоң ката кетирбеш үчүн, моюнга алганга эрдик керек. Мыкты болгонго милдетүү эмессиз.

14. Жеке мейкиндик бериңиз

Бош убакыт бериңиз. Курбулары менен жолукканга, хобби менен алектенгенге убакыт бериңиз. Энергия топтогонго мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз. Кээде балдар менен өзүңүз калыңыз. Эс алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ал да сиз сыяктуу эле эс алганга муктаж.

15. Алсыз болуңуз

Коркунучтарыңыз жана сезимдериңиз менен бөлүшкөнгө даяр болуңуз. Каталарыңызды моюнга алыңыз. Кечирим сураңыз.

 

16. Анын алдында чынчыл болуңуз

Эгерде ортоңордо ишеним болушун кааласаныз, аны менен баарын бөлүшкөнгө даяр болуңуз, өзгөчө эч ким менен бөлүшпөгөн сырларыңыз менен. Бул үчүн чыныгы эрдик керек. Бирок, сиз ага толук ачылгандан кийин гана чыныгы сүйүу башталат. Маска менен каалашыңызча жүрө берсеңиз болот, бирок үйгө келгенде чечип салыңыз.

17. ЭЧ КАЧАН чогу өсүүнү токтопоңуз

Токтоп турган көлмөдө безгек жайылат, бат аккан агым дайыма салкын жана таза болот. Машыкпаган булчуңдар атрофия болуп кетет.

Биздин мамилелер да ушул сыяктуу. Эгер мамиленин үстүндө иштегенди токтотсок, солгундайт. Жалпы максат жана кыялдарды табыңыз. Бирге план түзүңүздөр. Жана аны аткаруу үчүн бирге аракет кылгыла.

18. Акча жөнүндө кабатырланбаңыз

Акча бул – экөөңөр бир команда болуп башкарчу нерсе, аны колдонгондон корксоңор, ал эч качан жардам бербейт. Өнөктөшүңүзгө ишенгенди үйрөнүңүз. Эсиңизде болсун, акчаны аялынан каткан тарбиясыздык.

19. УНУТУҢУЗ

Бат кечирип, эски таарынычтарды эч качан эстебеңиз. Келечекке көңүл буруңуз, өткөн нерселер пландарыңызга жолтоо болбосун. Өткөн нерселердин туткуну болуп калбаңыз. Каталарыңызды кайталабаш үчүн гана эстеп калыңыз.

Кетирген каталар үй бүлөлүк жашоодо оор жүк болот. Алар сизди ылдый тартат. Кечирим жеңилдетет. Артыңызга кылчайбай алдыга умтулуңуз.

20. Ар дайым сүйүүнү тандаңыз

Акыр аягында бул кеңеш жападан жалгыз болушу мүмкүн. Баарын өзгөрткөнгө боло турган жашооңуздун башкы принциби катары колдонуңуз. Эгер сүйүүнү тандасаңыз, сиздин бактыңызга эч кандай коркунуч туулбайт. Сүйүү баарын көтөрөт, баарына чыдайт.

Үй бүлө “карылыка чейин чогу бактылуу жашашыптыр” эмес, бул – жумуш. Бул ар дайым мамилеге салым салып туруу. Ошондо гана убакыттын өтүшү менен сыноодон өтөт. Мамиленин үстүндө иштегиле - анан бакыт келет.

Үй бүлө жашоо сыяктуу эле өйдө төмөн болот. Баардык этаптарында үйрөнгүлө. Бири бириңди сүйгөндү үйрөнгүло, бул силерге күч жана келечек берет. Имаратты сактап калыш үчүн бузулган кирпичти алмаштырып туруш керек.

Бул сабактарды мен эң кеч түшүндүм. Өз жон терим менен.

Аялыңыз үчүн ал мактана алган күйөө болуңуз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз