Үй бүлөлүү эркекке көз артпагыла. Башка бирөөнүн күйөөсүн ээрчитип кетпегиле...

Балким бүгүн ал сиздин бактыңыздай көрүнүп атат. Сиз - жашсыз, назиксиз, жүзүңүз ачык жана сүйгөндү мыкты билесиз. Сиз менен жакын болуу көркөм, түндөр ысык, күндөр романтикалуу. Сиз гана аны бактылуу кыла аласыз, ал кыла албайт. Ал сиздей эмес.

 

 

Сиз көпкө күттүргөн смстерди күтүүгө даярсыз, анткени ал сизге чала албайт. Сиз аны менен сейилдөөгө шашасыз, бирок майрамдарды жалгыздыкта өткөрөсүз, себеби ал үй-бүлөсү менен тосот, сиз болсо "баарын түшүнөсүз".

 

Сиздин оюңузда, азыр кичине күтө турсам, бардыгы ордуна келет, баары жакшы болот. Силер чогуу болосуңар, анын аялы болсо алыс бир жерде калат. Албетте, бардык нерсе кайтып келээрине, башка бирөөнүн жамандыгынан бакыт куруу болбостугуна сиз ишенбейсиз... Бирок, жашоо бумеранг, чынында, баары кайтып келет.

 

Башка бүлөдөн күйөөсүн ээрчитип кетпеңиз. Аны, ага өзүнүн жаштыгын арнаган, оор көз ирмемдерде жанында болуп кубаттаган, кандай жагдай болгон күндө да ийгиликке ишенген адамынан тартып албаңыз!

Аны менен кызаңдашып урушкан адамдан, кызганган адамдан, истерика кылган адамдан. Түнү менен анын баласынын жанында убактысын өткөргөн адамдан. Аны менен жашап жүрүп, сүйүүгө татыктуу Эркек кылган адамдан.

 

Сиз андан эмнени күтөсүз? Бектиктиби?

Ммм... Бирок бектик бектиктен башталат эмеспи. Жашоо ар кандай болот, бирок...

Башка бүлөнүн эркегин ээрчитип кетпеңиз. Жакшылыкка алып келбейт...

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.