Уксустун 8 баалуу жана эффективдүү касиеттерин билбей жүрсөңүз керек

Дүкөнгө кирсеңиз кымбат баалуу тазалоочу каражаттардан баш адашат. Тилекке каршы анын баары эле өз милдетин так аткара албайт. Мындай убакта жардамга акча көп талап кылбоочу, убакыттын элегинен өткөн элдик каражаттар келет.

Бул макалада алма уксусунун колдонуудагы эң белгилүү ыкмалары менен тааныштырабыз.

 

1. Гүлдөрдүн өмүрүн кантип узартабыз

2 аш кашык алма уксусун жана 3 аш кашык шекерди 1 литр жылуу сууга аралаштырабыз жана ага гүлдү салып коёбуз. Бул трюк гүлдөрдүн сулуулугун бир нече күнгө узак сактайт.

2. Кран менен душту катыган тактан тазалайбыз

Душтун башын уксус менен суунун 1:1 пропорциясындагы аралашмасы менен тазаласа болот. Бул аралашма куюлган идишке душтун башын салып 5-7 мүнөт кайнатабыз. Суюктук муздаш керек. Катыган такты алма уксусуна малынган губка менен сүртүп тазалайбыз.

3. Катыган тактарды кетирүүдөгү мыкты каражат

Катыган эски тактарды, ошондой эле вино менен кофенин тактарын кетирүү үчүн 1 аш кашык идиш жуучу каражат, 1 аш кашык уксус жана 2 стакан жылуу суунун аралашмасы керектелет. Ушул эле аралашманы идиш жуугуч машинада да колдонсо болот.

4. Тиричилик техниканы кебээрден тазалоо

Идиш жуугуч же кир жуугуч машинаны кебээрден тазалап жана бир аз жытын жаңылап коюу үчүн алма уксусунун бир нече стаканын колдонсо болот. Машинаны стандарттык режимде жүргүзүңүз, 3-4 мүнөттөн кийин айна салчу контейнерине 2 стакан уксус куюп коюңуз.

5. Машинанын терезесинин тоңуп калышынан сактоо

Алма уксусун кышында машинанын терезесин тоңдурбоочу каражат катары колдонсо болот. Болгону уксус менен суунун 3:1 аралашмасы менен айнектерди сүртүп коюу керек.

6. Канализациянын бүтөлүп калышынан тазалоо

Суу менен уксустун аралашмасы бүтөлүп калган сифонду да ача алат. Болгону ал жерге жарым стакан аш содасын салыш керек, үстүнө бир стакан уксус жана бир стакан кайнак суу куюш керек. 20 мүнөттөн кийин аккан суу менен жууп коюңуз. Түтүктөгү тыгындарды тазалоочу мыкты каражат.

7. Көк датты кетирүүчү мыкты каражат

Уксус тажаткан көк даттан арылтат. Илдетке кабылган жерге кислотадан чачып жана губка менен кылдат сүртүп салыңыз, уксус кургашы керек. Был ыкма коопсуз жана хлор аралашкан агарткычтарга караганда эффективдүү.

8. Микробдорго каршы каражат

Уксус менен суунун аралашмасы сизди ашканадагы микробдор менен бактериялардан арылтат (пропорциясы 1:1). Экологиялык антимикробдук каражат жасап алуу үчүн ингредиенттерди аралаштырып пульверизаторго куюп алуу керек. Аралашма сизге микротолкундуу мешти майдан жана тактардан бат жана оңой арылтканга жардам берет жана эт туурачу тактайларды дезинфекция кылат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.