Укмуштуу көз ирмем: орус туристи Кызыл деңиздин ичинде төрөдү – фото

Орус туристи египеттин курортуна, атайын баласын деңиздин ичинде төрөө максатында барган. Төрөп жаткан көз ирмемди, жаңы энени жана атаны жергиликтүү тургун өз квартирасынын балконунан тартып калган.

 

 

Сүрөттүн автору Хади Хосни Эль Саиддин айтымында, улгайган эркек адам – сууда төрөө ыкмасын аркалаган дарыгер.

Жээкте ата-энени улуу кызы күтүп турган.

Египеттик аял, сүрөткө түшкөн көз ирмемдерди интернетке жүктөгөндө, алар бат эле “вирустуу” болуп, миңдеген комментарий менен репост чогулткан.

Эненин ысымы жана баланын абалы белгисиз бойдон калды.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.