Учук чыга бергендин башкы себеби бул...

Адамдардын дээрлик 90% учук менен жабыркайт. Эгер учук жылына 4-5 жолу чыкса ал коркунучтуу эмес. Эгерде 10 же андан ашык жолу чыкса анда ойлоно турган учур келди.

Көбүнчө учук ооздун тегерегине жана мурундун ичине чыгат. Бетке чыга баштаса да бул жаман кабардан белги берет. Жугуу себептери ар кандай. Кол кармашуу, өбүшүү, буюмдар аркылуу жугат. Учук көп чыккан адамдарга арахис, шоколад, пиво өтө зыяндуу. Алар сүт азыктары, жумуртка, балык, буурчакты көп колдонушу керек.

 

Башкы себеби. Иммуниттин төмөндөшү. Көп иштеп, стресске, катуу суукка кабылган адамдарга чыга баштайт. Туура тамактанып, убагында эс алып туруңуз. Дароо ар кандай дарыларды колдоноордон мурда өзүңүздүн кылып жаткан иштериңизге көңүл буруңуз. Жогорудагы айтылгандарды так карманыңыз.

 

Эгер адамдын иммундук системи күчтүү болсо эч бир учук коркунучсуз. Ошондуктан эң башкысы өзүңүздүн ден-соолугуңзга карап жүрүңүз. Оорубаңыз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз