Учактын жүргүнчүсү булуттун үстүндө басып жүргөн адамды көрдү (3 фото)

Ник О’Донахью - Ирландиялык 30 жашар менеджер - Австриядан Лондонго учуп келаткан. Иллюминаторду карап, булуттун үстүнөн түшүнүксүз бир нерсени көргөн, жакшылап караганда адамдын фигурасынын элеси көрүнгөндүктөн, бир нече сүрөт тартып алган.

 

 

Бул тууралуу О’Донахью өзү мындайларды айтты:

"Мен Австрияга болгон жумуш командировкадан кийин үйгө кайтып келаткам. Кийинки катарда студенттер отуруп, каткырышып, шайыр келатышкан. Терезени карап келатып бул таң калыштуу фигураны көрдүм. Анын так элеси бар болчу.

 

Жанымда отурган аялды, иллюминаторду кароосун сурандым. Ал дагы таң калып калды! Бир аздан кийин учак булуттун арасына кирип кетип, картина көрүнбөй калды. Бирок мен бир нече сүрөт тартып калууга жетиштим.

Мунун баарын биз 2 мүнөт аралыгында байкап турдук. Мен үчүн, ал адамды элестетип турду, бирок эмне экенин так айта албайм.

 

 

Мага жазган комментарийлерде, ал бири-бирине жакын жайгашкан булуттун жогорку катмары деп аташты. Бирок өз көзүм менен көргөндүктөн, жөн эле булут деген сөзгө ишене албай турам. Өтө эле жөнөкөй түшүндүрмө".

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.