Убакыт жок болуп атканда, телефонду кантип 5 мүнөттө заряддаса болот

Телефондун кубаты түгөнүп, өчүп калган убактан да катуу кыжырланткан нерсе болбосо керек. Ал болсо дайым күтпөгөн жана керектүү учурда түгөнөт да.

 

 

Албетте. Мындай учурга PowerBank алып жүргөн жакшы. Бирок, ал жок болсочу, ал эми кубаттаганга – болгону 5 мүнөт, дүкөндөгу сатуучуну эптеп “кулакка тээп” уруксат алсаң, анда бул лайфхакты карма: смартты кантип, бир нече мүнөт убагында, эффективдүү заряддап алабыз.

Жаман кабар: убакыт менен ар бир батарея физикалык (же тагыраагы, химиялык) эскирүүгө жетет. Демек бат-баттан отура баштайт. Ошондуктан, “жаныңда PowerBank салып жүрүш” ашкере байлык эмес – заманбап адамга керектүү замандын талабы. Бирок кырдаал ар кандай болот. Убакыт такыр жок болуп атса, кубаттын индикатору мына-мына 0% болгону турса – бир чукул чечим бар. Ал бир нече мүнөт убакта максимум зарядды толтурганга мүмкүндүк берет.

Мына, розетка сейрек кездешүүчү нерсе экенин билген тажрыйбалуу саякатчылар эмне сунушташат. Биринчиден телефондун чехолун чечип сал, ал кубаттоо убагындагы телефондогу жылуулукту тартып албайт. Экинчиден, телефонду “учуу режимине” (режим полета) кой. Ал бардык сервистерди, өзгөчө GPS, Wi-Fi жана 3G (4G) модулдарын өчүрөт, так ошолор, дайым издөөдө болуп атып, кубатты максималдуу жешет. Розеткага сай да күт.

Бул амалдын аркасы менен батареяны 5 мүнөт ичинде 10%дан ашык кубаттап алса болот. Балким бул сен күткөн «full charge» эмес, бирок, экстремалдык кырдаалда сага толук жетет.

Ошентсе да PowerBank чөнтөгүңдө дайым болсо, жаның да тынч болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.