Түз эфирдеги өлүм: кыздар instagramда түз эфир алып барып жатышып кырсыкка кабылышты

BMW маркасындагы автоунаа менен 24 жаштагы Дарья Медведева жана 16 жаштагы София Магерко, мас абалында машинаны катуу ылдамдыкта айдап, колдоруна шампан кармап, instagramда түз эфирде көрсөтүп жаткан кезинде кырсыкка кабылышты.

Кырсык Украинанын Харьков шаарында катталды. Рульда Медведева отурган унаа катуу ылдамдыкта карагай сүзүп, бактын ашып барып тоголонуп кеткен.

Унаа жараксыз абалга келип, айдоочусу ордунда мерт кеткен, жүргүнчү алган жарааттарынан ооруканага жетпей көз жумган. Бул кадимки эле өлүм коштолгон кырсыктардын бири болгон, бирок бардыгы түз эфирде...

Кырсыкка чейин бир саат мурун Дарьянын өздүк баракчасында так ошол BMW унаасы менен түшкөн сүрөтү чыккан.

Бул болсо кырсыктан кийин.

София Магерко болсо инстаграм-модель болуп жаңы карьерасын баштап жаткан. Анын 3 миңге жакын колдонуучу чогулткан.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.