Түйүлдүк эненин курсагында укмуштуудай 7 нерсени жасайт

Жатында жаткан кичинекей түйүлдүк мындай нерселерди жасаарына ишенбейбиз бирок, илим аныктагандай  түйүлдүк ичте жатып баарын билип-туюп, ал тургай, ыйлап, күлүп, тамак да жейт экен. Баарынан кызыгы  баласынын эмне кылып жатканын энеси билбейт. Себеби, эне өзү кыйналып, жүрөгү айланып, тарамышы түйүлүп, алы кетип жаткан учуру болот. Ал эми ичтеги наристенин кылык-жоругу апта сайын күчөй берет.

 

 

Тамак ичет

Кош бойлуу аял тамак жегенде ичиндеги баласы да тамак жейт. Айрым даамдар амниотикалык суюктукка айланып балага барат. Апасынын сарымсак, имбирь, балмуздак, торт жеп жатканын түйүлдүк эң сонун билет. 15 жумага толгон түйүлдүк ачуу даамдарга караганда таттуу даамды тамшана иче баштайт.

 

 

Көзүн ачат

28 жумадан тарта түйүлдүк жатында жатып көзүн ачып, жарык нурга  кадимкидей реакция жасайт. Эгер апасы күн алдында көпкө сейилдесе бала муну эң сонун билет. Кээде ал нурлардан качып, өзгөчө УЗИге тартканда  артына бурулуп, башын катып жатып алышы же колу менен  бетин жаап алышы да мүмкүн.

 

 

Заара кылат

Үч айдан соң курсактагы бала заара бөлүп чыгара баштайт. Бала ичип жаткан суюктуктар бөйрөккө барып фильтрленип, тазаланып, кайра эненин жатына куюлуп турат. Мындай цикл сутка ичинде бир нече ирээт кайталанат.

 

 

Дем алат

 Баланын киндиги анын дем алышына шарт түзөт. Ошондуктан ал баардык жандуулар сыяктуу эле кадимкидей дем алат.

 

 

Кекирет

Балким ишенбейсиз, бирок түйүлдүк бала тамакка тойгондон кийин кекирет. Мунун изилдөөчүлөр атайын аспаптардын жардамы менен аныктап таң калышкан. Ал тургай түйүлдүк энеси үшүгөндө  суукка чыдай албай ыктытып да жиберет экен.

 

 

Ыйлайт

Курсактагы бала кадыресе ыйлайт. Энеси терс эмоцияларга толгонуп, ачууланып, ыйлаганда анын да зээни кейип али ачыла элек көзүнөн жаш агат. Дагы бир жагдай окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, кош бойлуу көп кейип ыйласа, баласы кийин болуп чыргоолонуп, ыйлаак болот экен.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.