Төшөктө эркектердин кетирген 5 катасы

Сиздин жактырган аймыңыз менен болгон төшөк мамилеси ойдогудай болсун десеңиз бул каталарды эч кайталабаңыз.

 

 

1. “Эркектин маймылдан бир аз артык болгону жетиштүү” деген кеп айтылып келет, бул эч туура эмес. Кээ бир жигиттер ушул аңкоо кепти туура көрүшүп жумалап жуунбай, сакал мурутун кыскартпай, оозун тазалабай деле жүрө беришет. Кызга жолугуу алдында сөзсүз түрдө душка түшүп өз келбетиңизге көңүл буруп коюңуз.

2. Эгер сиз айымды үйүңүзгө чакырган болсоңуз үйдүн ичин ирээтке келтирип жагымдуу атмосфера жасаңыз. Сиздин чачылган бөлмөңүздү көргөн айымыңыз качып кеткиси келет.

3. Кумар алдында айымыңыздын ар бир кыймылына көңүл буруңуз. Ар бир аял заты айтпайт бул жеримди карма, тигил жеримди өп деп. Өбүшүп эле тим болбостон эрогендик аймактарды кармалап өпкүлөңүз, мисалы моюнун артын кармап ички тарабынан акырындан өбүңүз. Белинен кучактап ийининен сыйпалаңыз ж.б

4. Порнографиялык видеолорду эч качан үйрөнүү куралы көрүп аларды кайталабаңыз. Мамилеңиздер жаңыдан башталып жаткан болсо айымдын ар бир белгилерине көңүл буруп, акырындан кийинки этап-позаларга өтө берсеңиз болот. Ал эми бир топ убакыттан бери чогуу болуп жүргөн болсоңуздар ким эмнени каалайт, ачык сүйлөшүп алганыңыздар туура болот.

5. Төшөктө эч качан айымыңыздын сырткы келбетин сындабаңыз жана башка болгон өнөктөштөрүңүз менен салыштырып, алар тууралуу айтып бербеңиз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.