Ар бир жубайлар интимдик жакындыктын бир нече стадиясынан өтөт, алардын биринчиси – уялуу стадиясы. Бирок, эгер кийинки этапка өткөн болсоңор, аны чоюп кереги жок.
Бирок, төшөктө такыр болбочу дагы башка нерселер бар. Биз, амур иштеринде эмне кылган туура эмес экенин айтып беребиз.
Байкасаңыз, өнөгүңүз сиздин ойлоруңузду окуй албайт, ошондуктан, төшөктө эмне кааларыңыз тууралуу үн катпаганыңыз туура эмес.
Кыймыл аракетти одоно формада сынап кереги жок, андан көрө чогуу тынчтыкта талкуулап жана көйгөйдү бирге чечүү керек.
Эгер өнөгүңүз токтотууну суранса, токтотуңуз жана ага таарынбаңыз. Бири-бириңерди уккула.
Оору – бул нормалдуу эмес реакция. Эгер жагымсыз болуп жатса – токтоткула жана башкача кылып көргүлө.
Бул күйүк же травма менен аякташы мүмкүн, ошондуктан эксперимент кылып кереги жок.
Сизге эле эмес, өнөгүңүзгө да жакшы болушун каалайсызбы? Төшөк – бул, жок дегенде убактылуу болсо да, өзүмчүлдүктү унутуучу жана калоолоруңду айткандан коркпоочу жай.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.