Төрөттөн кийинки чачтын түшүшүн көргөзгөн аялдын видеосу вирустуу болду

Төрөттөн кийин баары өзгөрөт деп айтышат, анын ичинде чачтын түшүшү дагы бар. Америкалык чач тарач Кристина Кретейлдин жүктөгөн вирустуу видеосу Интернетте шок жаратты.

 

 

Стилист, төрөттөн кийин 4 ай өткөн соң чачтары түшүп баштаган кардары менен болгон ишин көрсөткөн. Кристина өзү дагы убагында мындай көйгөйдү башынан өткөргөн, ошондуктан көйгөй менен бөлүшүүнү чечкен.

Дарыгерлердин сөзүндө, төрөттөн кийинки чачтын түшүшү – төрөттөн кийинки гормоналдык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы. Бул организм үчүн чоң стресс жана аны менен көбүнчө чачтары калың жана эмчек эмизген аялдар жабыркашат.

Тилекке каршы, бул жерде жардам берчү нерселер аз, бирок ал убактылуу. Бир нече ай аралыгында чач өз калыбына келиш керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.