Төрөттөн кийин кантип арыкташ керек? Ал мүмкүн!

Көпчүлүк айымдар бала төрөгөндөн кийин толуп кетишет. Бирок, сымбаттуу болуп жүргүсү келгендер арык бойдон кала беришет. Кээ бирөөлөр үч-төрт бала төрөгөндөн кийин деле кыз кезиндегидей келбеттүү болот. Мунун баары адамдын аракетине жараша.

Төрөттөн кийин, күзгүдөн өзүбүздү карап төрөгөнгө чейин кандай элек деп өзүбүзгө сын көз караш менен карашыбыз керек. Улам эртеңкиге карабай бүгүндөн баштап арыктаганга аракет жасашыбыз зарыл. Колунда ымыркай баласы бар энелер спортзалга бара албайт.

Мындай учурда жөнөкөй 10 эрежени колдонсок бат эле арыктайбыз.

 

1. Компания үчүн ичип-жей бербеш керек. Ачка болгондо гана тамак ичиш керек. Күйөөңүзгө тамак бериш үчүн аны менен кошо тамак ичүү зарыл эмес. Жолдошуңузду күтпөй эле жалгыз олтуруп тамак ичип алыңыз. Жолдошуңуз тамак ичип жатканда анын жанында олтуруп алма же майсыз айран ичсеңиз болот. Канчалык тамакты көп жесе адамдын карыны ошончолук кеңейе берет. Карын кеңейген сайын тамак да көп ичкиси келет.

2. Чай ичиш үчүн бутерброд, печенье, пирожный жебеш керек. Ачка болгондо чай менен  гамбургер, майлуу хошан же таттууларды жегенди токтотуңуз. Мындай тамактардан алыс болуп, андан көрө 0,7 же 0,5 өлчөмдө  ысык шорпо же борщ ичкен пайдалуу.  Эртең мененки, түшкү жана кечки тамактанууну сунуштайбыз. Бирок чай  же кофе менен  бутерброд жебей эле койгон дурус. Нан менен колбаса жегиңиз келсе эртең мененки тамакта жегениңиз жакшы болоор.

3. Майды аз колдонуңуз... Майга куурулган этке караганда бууланып же кайнатылган эт жакшы. Куурулган этти каалагандар духовкага этти фольгага ороп бышырса эт өз майына өзү бышып даамдуу болот жана табыгый жытын, даамын сактап калат.

4. Таттууну азайтабыз. Кээ бирөөлөр таттууларсыз жашоону элестете албайт. Таттууну такыр эле жебей койгонго да болбойт. Шоколад жегенди кааласаңыз анын ордуна цукат же мармелад жеп, эки-үч кашык кумшекердин ордуна 1 чай кашык шекер салып чай же  кофе ичсеңиз болот. Торт, пирог, таттуу токочтордон баш тартыңыз. Таттуу жебей коюу мүмкүн эместей сезилет. Бирок, таттуудан баш тартуу менен арыктай баштайсыз.

5. Ар түрдүү тамактарды жейбиз. Картошка, макарондон башка гарнир үчүн канча варианттар бар. Тоңдурулган жашылчалар, жемиштер дагы пайдалуу. Күрүч, гречка, перловка, тарууну көп пайдаланыңыз. Майлуу этти балык менен алмаштырыңыз.

6. Саат 18.00дон кийин тамак жебей койгон жакшы адатты үйрөнүшүбүз керек. Кечки тамакты саат 17:00дон 17,30га чейин жеп алыш керек. Такыр чыдабай ачка болгондор кечкисин 20.00го чейин алма жеп, айран ичип алса болот. Уктаарга жакын банан, жүзүм, финики жебеш керек. Бул жемиштер абдан калориялуу.

7. Көнүгүүлөрдү жасайбыз. Фитнес клубдарга бара албасак үйдөн эле 30 мүнөт убакыт бөлүп, өз алдыбызча көнүгүүлөрдү жасашыбыз керек. Обруч, скакалка менен машыгуу эң жакшы. 50 жолу денени өйдө ылдый көтөрүп көнүгүү жасоо керек.

8. Кыялдана бербей аракет жасаңыз. Арыктаганда кийем деп тар кийимдерди сатып алышат. Бул туура эмес. Биринчи арыктап анан жарашыктуу кийимдерди сатып алганыбыз туура болот.

9. Көп кыймылдаш керек. Жөө сейилдеген эң жакшы. Балаңызды көтөрүп алып ары-бери басып сейилдей бериңиз. Бала уктап калса деле басканды улантыш керек. Жөө басып, таза аба жутуп сергип алуу арыктаганга жардам берет.

10. Бир калыпка түшүү. Аялзаты сулуу, ажарлуу анан да сымбаттуу болуш үчүн өзүн бир калыпта сактаганга көнүшү зарыл. Мончого түшүүнү, сууга сүзүүнү адатка айлантып жумасына кур дегенде бир жолу күндүн планына киргизип коюңуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.