Тооктун этинин арасынан чыккан, жүрөк түшүргөн табылга

Белорусиянын тургуну кутудагы тооктун этинин арасынан тапкан нерсеси баарын шок кылды. Ал тоңгон тооктун этин эригенге коюп койгон. Ичин ачып көргөндө, полиция чакырбашка аргасы калган жок. Тооктун этинин арасынан адамдын манжасы чыккан.

 

 

Келген полиция кызматкерлери "күнөөлүүнү" бат эле табышты. Ал тоок фабрикасынын кызматкери болуп чыкты жана бул кутуну 2018-жылдын май айында сатууга кетириптир.

 

Көрсө, эч кандай криминал жок экен, ал эми кутудагы манжа - болгону өндүрүштөгү травма. Эң кызыгы, ал кишинин бир нече манжасы жок экен. Ошондуктан, бул тоок фабрикадагы биринчи окуя болбошу мүмкүн.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.