Токтоосуздан ыргыт! Үйүңүзгө бактысыздык алып келе турган 15 нерсе

Бактысыздык капысынан биздин жашообузга олчоюп үйүлүп калат. Баары көзөмөлдөн чыгып, кыйынчылыктар эч качан бүтпөй тургандай.

Адамдар мындай жамандыктын себептерин издешет, балким, бизде жооп бар.

Эгерде сиздин үйүңүздө бул буюмдар бар болсо, аларды ыргытып жибериңиз же ордуна башкасын издеп көрүңүз, антпесе алар жашооңузга баш аламандык алып келет.

 

1. Өлүк нерселер

Эгерде сиз гүлдөрдү сугарууну унутуп, жалбырактары куурап калса, анда алар менен коштошууга убакыт келди. Мындай гүлдөрдү үйдө кармоо чоң ийгиликсиздик.

Өлгөн объекттерге ошондой эле жаныбарлар жана канаттуулардын кургатылган денелери, ал тургай, ракушкалар да кирет. Текчелериңизде жаман ауралар токтоп калбашы үчүн дайыма тазалап туруңуз.

2. Кырсыктарды чагылдырган сүрөттөр

Үйүңүздө кырсыктардын сүрөтү бар болсо, ал сизге кыйынчылык алып келет. Терс эмоцияларды пайда кылган катуу жааган нөшөр же бороон сыяктуу башка жаратылыш кубулуштары да жаман энергиясы бар объекттерге байланыштуу болушу мүмкүн.

Жамгыр тартылган сүрөттү карап, романтикалык же назик сезимдерди сезсеңиз, анда аны калтырып койсо болот.

3. Түгөйү жок буюмдар

Көптөрүбүздүн үйүндө бир түгөйү жок өтүгү, тапочкасы ж.б.у.с. бар. Биз бул буюмдарды сактайбыз, анткени алар биз үчүн кымбат же эски күндөрдү ностальгия жаратат.

Кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн аларды таштандыга жөнөтүүгө убакыт жетти.

4. Токтоп калган сааттар

Үйүңүздөгү бардык сааттар иштеп турганын дайыма текшериңиз. Токтоп калган саат, ырымдарга ылайык, үй-бүлөдөгү жамандыктын алдын ала билдирет.

Эгерде сиз аларды оңдой албасаңыз, анда алардан арылууга убакыт келди.

5. Эскирген шыпыргы

Үйүңүздө тазалоо үчүн колдонгон нерселердин баары жакшы абалда болушу керек. Эгер шыпыргыңыз майда-чүйдө нерселер калтырып баштаса, бирок аны ыргытууга колунуз барбай жатса, көз карашыңызды кайра карап чыгууга убакыт келди.

Жаңы шыпыргы сатып алыңыз, антпесе эски шыпыргы үйдө каржылык чыгымга чалдыктырат.

6. Сизге жакпаган сүрөттөр

Депрессияга жана кайгыга алып келген нерселердин бардыгын сактоого болбойт. Терс эмоциялар топтолуп, бакытты табуу кыйындайт.

 
7. Чөнтөктөгү, капчыктагы жана сумкадагы майда таштандылар

Чоң көйгөйлөр кичинеден башталат. Биз жаныбызда алып жүргөн таштандылардын баары жашообузга дисгармония алып келет.

8. 3 жылдан ашык колдонбогон нерселер

Эгерде бир нерсе көптөн бери колдонулбай калса, анда энергиянын токтоп калышы байкалат жана бул сиздин жашооңуздун өнүгүүсүнө жана өсүүсүнө тоскоол болот.

Иш жүзүндө колдонууга мүмкүн болбогон нерсени үйдө сактоонун кереги жок.

9. Сынык айнектер

Сынган айнек, анын ичинде күзгүлөр, чагылдыруучу айнек жана башка морт буюмдар сиздин коргонууңузду бузушат.

 

10. Эски кийимдер

Эски кийимдериңизди ыргыта албасаңыз, кайрымдуулукка жумшаңыз. Кийүүнү пландабаган кийимдерди сактабаңыз.

11. Мөөнөтү бүткөн календарь

Эгер бул стол календары болсо, анда туура ай жана күн көрсөтүлгөнүн текшериңиз. Бул нерсе өткөн убакытты эске салгандыктан, аны туура эмес колдонуу жашооңузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

12. Сынган же жарака кеткен идиштер

Табактагы же чыныдагы жараканы көрсөңүз, аны ыргытып жиберүүдөн тартынбаңыз. Кеп, идиштер байлыкты жана бакубаттулукту билдиргендигинде.

Сынган идиштерден тамактанганынызда, сиз өзүңүзгө аң-сезимсиз бактысыздык алып келесиз.

13. Тикенектүү өсүмдүктөр

Кээ бир ырымдарга ылайык, үйдөгү кактустар жана тикенектүү өсүмдүктөр (роза гүлдөрүнөн башкасы) үйгө терс энергия жана бакубатсыздык тартуулайт.

14. Бош термелүүчү отургуч

Термелген кресло кара күчтөрдү ошол жерде отурууга чакырат. Андан да жаманы, эгер сиз күтүлбөгөн жерден кресло өзүнөн өзү термелип баштаганын көрсөңүз. Бул каардуу рухтун отурукташып калганын жана үйгө бактысыздык менен жамандык алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

15. Жашыл дубалдар

Бул түс дубалдар үчүн ийгиликсиз деп эсептелет, анткени мурда жашыл обои жана кездемелер үчүн мышьяк колдонулчу. Алар сууланганда, уулуу газ бөлүнүп чыгып, адамдарды өлтүргөн. Заман өзгөрдү, бирок салт сакталып калды.