Тоготпой коюуга жарабай турган коргоочуңуздун 5 маанилүү белгиси

Коргоочубуз өзүн эстетип коёюн дегенде, алдыда болго турган коркунучту эскертээрде же жемелээрде бизге белгилерди жиберет.

Коопсуздугубуз жана аман-эсендигибиз үчүн бул 5 белгини тоготпой койгонго болбойт.

 

1. Кулак зыңылдоосу

Эгерде кулагыңыздын зыңылдаганын байкасаңыз кейип кепчибей коё туруңуз. Балким сиздин коргоочуңуз сиз менен байланышкысы келип жатат. Сиз туура жолдо бара жатканыңызды айткысы келет. Бул учурда ар бир оюңуз маанилүү, сак болуңуз. Эсиңизде болсун, кулак зыңылдоосу-бул сиз туура жолдо бара жатканыңыздын белгиси.

 
2. Кайталанма сандар

Сандардын жардамы менен коргоочубуз биз менен байланышка чыгат. Эгерде окшош сандардын айкалышын тез-тез байкасаңыз (мисалы саат бирдей убакытты - 11:11 менен 23:23 ж.б.у.с.) кокустук деп ойлобоңуз. Коргоочуңуз сизге бир нерсе айткысы келип жатат. Балким, сиз көз жумуп жүргөн чындыкка көңүлүңүздү бургусу келет. Мисалы, жөн эле бири бириңди кыйнап жүргөн бүткөн мамилеңер же жумушуңуз.

 
3. Куштун жүнү

Эгерде күтүлбөгөн жерден куштун жүнүн таап алсаңыз, бул жакшы белги. Коргоочуңуз сиз жалгыз эмес экениңизди, ар дайым жаныңызда экенин билдирет. Кыйынчылыкты жалгыз жеңем деп аракет кылбаңыз. Коргоочудан жардам сурасаңыз сөзсүз жардам берет.

 
4. Ителги

Ителги - сезим же интуициянын символу. Эгер бул кушту көрсөңүз анда коргоочуңуз жөнөттү деп билсеңиз болот. Ички туюмуңузду угуңуз. Эгерде сиздин көз караш көпчүлүктүкүнө дал келбесе да кайтпаңыз. Куш сезимиңизди тоготпой койгонго болбойт экенин эскертет. Болбосо олуттуу көйгөйгө кабыласыз.

 
5. Төштүн кемирчегинин үстүндөгү нерв чатышындагы башкача сезим

Киндик тушта, төштүн кемирчегинин үстүндөгү нерв чатышынын башы бар. Бул жер энергиянын өзгөрүшүнө өтө сезимтал. Бекеринен "ичим менен сезип турам" деп айтылбаса керек. Колдоочуңуз сизди коркунучтан сактап калыш үчүн белгини так ушул жериңизге жиберет. Бул бөлүктө чыңалуу, ооруу, сенейип калуу же саруу сезишиңиз мүмкүн. Жүрөк айнуу менен коштолушу мүмкүн. Эгер бул сезим сиз бирөөнүн жанында болгондо башталса, ал адам менен мамилеңизди карап чыгыңыз.

 

Сиз көргөндөй, коргоочу ар дайым жаныбызда. Биздин тапшырма алардын барын түшүнүп, белгилерин туура ажырата билүү.

Сизди кимдир бирөө коргоп турганын сезесизби?

Facebook барагыбызга жазылыңыз