Тез даярдалуучу кесме (кукси) тууралуу ачуу чындык

Курсак ачты, бирок тамак жасаганга убакыт жокпу? Мындай убакта кукси алмашкыс оокат. Ал абдан ыңгайлуу. Жаш балдар дагы тамшанып жешет. Бирок...

Чындыгында бул камыр тамак курсакты тойгузбай тим болбостон, эч кандай пайдасы жок. Андан жаманы – ден соолукка абдан зыян. Врачтар бул камырдын курамы менен адамдын организмине тийгизген таасирин изилдеп чыгышты. Жыйынтыгы чындап эле коркутат.

Тез даярдалуучу кесменин кандай зыяны бар?

Метаболика сидрому

Жумасына эки жана андан көп жолу, узак убакыт тамактанып жүргөн адамда метаболика синдрому өнүгөт. Бул, семирүү фонунда жүргөн, алмашуу, гормоналдык жана клиникалык бузулуштардын комплекси. Синдром жүрөк оору, диабет, инсульт коркунучун жогорулатып, өлүмгө алып келет. Окумуштуулар белгилегендей, метаболикалык синдром, жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизги себепкери болгон тамеки чегүүдө дагы болот

Натрийдин жогорку өлчөмү

Тамактын даамын күчөтүү үчүн камырга натрий глутаматын кошушат. Бир порциясында күндүк нормадан эки эсе көп, 800 мг курамында камтыйт. Бул тамак кошундусу гипертония, жүрөк жана бөйрөк ооруларын өрчүтөт. Кээ бир адамдарда, тамактан кийин баш оору пайда болот.

 
Витаминдердин сиңүүсүнө жолтоо болот

Тез даярдалуучу камыр витаминдердин сиңишине жолтоо болот. Бир эле күндө пайдалуу тамак аш менен кукси дагы жесе, болгон витаминдер организмге сиңбей, жөн эле текке кетет.

 
Рак жаратуучу компоненттери бар

Мындай камыр тамактын курамында трансмайлар бар. Алар рак менен атеросклероздун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул компоненттер тамактын камырынын текстурасын сактап турууга колдонулат, ошондой эле антифриз жана тамеки өндүрүшүндө дагы колдонулат.

 

Сөзсүз бул шок кылчу изилдөөлөрдү тааныштарыңыз менен бөлүшүңүз. Өзгөчө, бул “деликатести” сүйгөн жаш балдарга түшүндүрүңүз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.