Телефондун жарыгы кыздын көзүн күйгүзүп, 500 тешик пайда болгон!

Бул кыздын көзү эки жылдын ичинде көрбөй калган! Анткени ал телефондон башын алган эмес. Бул Тайваньдын 25 жаштагы жашоочусу Чэнь болгон.

 

 

Ал 2018-жылы көзүнүн абдан ачышып ооруганынан ооруканага барган. Көзүнүн актарына майда кан тамырлар толуп көзү кыпкызыл болуп чыккан. Доктур текшергенде анын бир көзүнүн көрүүсү 60 пайызга түшүп экинчи көзүнүн көрүүсү болгону 30 пайыз болуп калган.

Анын себеби телефондун жарыгын азайтпастан узак убакытка колдонгондон келип чыккан дешкен. Кыз жарыкта да, үйдүн ичине киргенде да максималдуу жаркты түшүрбөй колдоно берген. Доктурлар анын көзүнөн 500 микро тешиктерди табышкан! Алар телефондун моделин аташкан жок.

 

Чэнь 6 айдан бери дарыланып жатат, көзүнүн көрүүсү жакшы болуп калды бирок толук айкпай турганын доктурлар ага айтышкан. Профессор-офтальмолог кеңеш берет: телефонду максималдуу жарыгы менен 2 саат колдонгондон кийин көздөр кызарып, кургап чыгат. Жогорудагы кыздын тагдырын кайталап калгыңыз келбесе смартфонуңуздун экранынын жарыгына дайыма көңүл буруңуз.

Кечинде жарыкты 20 пайызга чейин азайтып койсо жетиштүү болот. Ал эми күндүз күндүн нуру тикелей тийип турганда гана жарыкты 100 пайызга чыгарып колдонсо болот. Башка учурларда дайыма текшерип туруу зарыл же атайын авто жарык дегенди колдонуу керек, ал өзү жарыкты азайтып көбөйтүп турат. Негизи эле смартфондо көпкө кадалып отуруу өзү зыян экен. Ошондуктан экранды азыраак карап, көзүбүздү сактайлы.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.