Телефонду кандай кармасаңыз — мүнөзүңүз да ошондой. Кайсы номер сиз тууралуу?

Окумуштуулар, адамдар телефонун кандай кармаарын изилдеп көрүшүптүр. Көрсө, ал дагы адамдын инсандык сапатын көрсөтүп берет экен. Телефонду кармоонун төрт ыкмасы бар жана анын ар бири адамдын мүнөзүнө туура келет. Сиздики кандай инсандык тип экенин билип көрүңүз!

 

 

 

1. Телефонду бир кол менен кармап жана бармагыңыз менен текст тересиз

Эгер телефонду бир колуңуз менен кармасаңыз, бул сиздин көп кырдуу экениңизден кабар берет. Сиз тартиптүү жана дисциплинаны карманасыз, сиз үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин билесиз.

Укканга караганда көбүрөөк сүйлөгөндү жакшы көрөсүз, бирок, атайын, чымынды да таарынтпайсыз. Жасалма сүйүүнү чыныгы сүйүүдөн айырмалай аласыз. Өз жарыңыз үчүн баарына даярсыз.

 

2. Телефонду эки кол менен кармайсыз жана бармагыңыз менен текст тересиз

Бул, сиздин, коргоого, көңүл менен камкордукка муктаждыгыңызды көрсөтүп турат.

Сиз сезимдериңизди көрсөткүңүз келбейт, ошондуктан, сиздин өнөгүңүз сүйүүнүн жетишсиздигин сезиши мүмкүн. Назигирээк болуңуз жана өз эмоцияларыңызды башкаларга көрсөткөндөн уялбаңыз!

 

3. Телефонду эки кол менен кармайсыз жана текст терүү үчүн эки бармагыңызды колдоносуз

Сизге, сизди 100% түшүнө турган өнөк керек. Эгер сизди ишенимдүү адам колдоп турса, анда сиз өзүңүзгө ишенгениңизди ошондо көрсөтө аласыз.

Сиз өз тандооңузду бүт жүрөгүңүз менен сүйөсүз жана өткөндөгү жаман нерселерди оңой эле унутасыз.

 

4. Телефонду бир кол менен кармайсыз, текстти экинчи колуңуздун бармагы менен тересиз

Сизге өзүңүздү тынч жана оор басырыктуу алып жүрүү таандык.Башка бирөөнүн бакубатчылыгы үчүн бардык нерсеңизди курмандыкка чаласыз. Көп адам бар жерди сүйбөйсүз, тынч жана тааныш жерлерди жактырасыз. Сүйүүдө да ошондой — бардыгы тынч болушу керек.

Сиз көтөрө албаган нерсе — жакындарыңыздын көз жашы. Сүйүктүү адамдарыңыздын катачылыктарын рекорддук ылдамдыкта кечиресиз.

 

Сизге кайсы вариант туура келди? Жогоруда айтылгандар менен макулсузбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.