Телефон китебинде 2 эле контакт бар экен: “Ата жана апа”, чалып көрүп, төмөнкүнү уктук

Балам эс алган лагерге баргам, территорияда сейилдеп жүрүп телефон таап алдык. Жатат, муздай элек, демек, жаңы эле түшүргөн.

Башында кароолчуга алып барып берели деп ойлогом, бирок, өзүбүз деле чалып, кайтарып берсек болот да деген мааниде, телефон китебин ачтым. Жагымдуу да болот өзүңө...

 

 

Телефон китебинде болгону эки контакт бар экен: “ата” жана “апа”. Ойлонбой туруп эле “ата” дегенин бастым.

— Кандай, балам! — эркектин баритону угулду.

— Кечирип койгула, бирок бул балаңар эмес. – дедим мен. – Биз телефонду таап алдык, кайтарып берели дегенбиз. Сиздин балаңыздын телефонубу?

— Ооба, баламдыкы. – кичине өзүн жоготуп койгондой. – Кантип силерде болуп калды?

— Айтпадымбы, таап алдык. Сейилдеп жүрүп таптык. Чөнтөгүнөн түшүп калса керек. Балаңар кайсы отрядда?

— Ким?

Баритон ачык эле келесоо боло баштады. “Энесине чалсам болмок экен” – деп ойлоп койдум. Бир жагынан карасаң, атасын деле түшүнсө болот, каяктагы бирөө баласынын телефонунан чалып атса. Ошондуктан кайра кайталадым.

— Сиздин балаңыз кайсы отрядда, билесизби?

— Эч кандай отрядда эмес.

— Эмне, вожатыйбы?

— Кандай вожатый?! Деги телефонду каяктан таптыңар?!

— Бияктан, территориядан.

— Кайсы территориядан?!

— Лагердин территориясынан.

 

— Кандай лагерь? Алдап атасыңарбы?

— Алдап эмне кылам. Мен балама, лагерге келгем, анан телефонду таап алдык. “Келечек” лагери. Балаңыз каякта экенин билбейсизби?

— Балам каякта экенин жакшы билем! Бирок эч кандай лагерге тиешеси жок. Же шакабалап атасыңар, же катачылык кетирип атасыңар!

— Азыр текшерип көрөлү. – дедим да кароолчунун үйүнө келдик.

— Балаңыздын аты жөнүн айтсаңыз. – баритондон сурадым.

Кароолчу балдардын тизмегин карап чыкканча, менин баарлашуучум эмне болуп атканын түшүнгүсү келгендей бышылдап атты. Мен атайын телефонду, өз оозунан уксун деп, кароолчуга жакын кармап турдум.

— Бар экен! – деди акыры кароолчу, баланын аты-жөнүн кайталап. – Алтынчы отряд, үчүнчү корпус.

— Уктуңузбу? – баритондон сурадым. – Азыр биз телефонду балаңызга алып барып беребиз, андан аркысын өзүңөр чечишип алгыла, силердин балабы, же силердики эмеспи.

— Макул. – деп жооп берди баарлашуучум, басаңдаган үн менен. – Рахмат. Лагерь кайсы жерде дедиңер?

— Көлдө, Кош-Көл айылында.

 

— ... дурайын! – күтүүсүздөн сөгүнүп алды тиги.

— Эмне, мен эмне кылдым? – деп чочуп кеттим.

— Ой, кечирип коюңуз, сизге эмес. – деп актана калды

Бир секунд унчукпай туруп анан тиштенип алып сүйлөнүп калды:

— Баары жакшы эле! Болгон кызыгы, эгер балам лагерде болсо тиги ... (керектүүсүн коюп алгыла) апасы Египетке ким менен кетти экен?!

 

Которгон жана адаптация кылган anan.kg.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.