Текебаев көзүнө жаш алып кайгылуу сөздөрдү айтты..

Эки жарым жылдан ашык абакта отуруп үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев элге кайрылуу жасады. Алгач ал партиялаштарына аны колдогон элге ыраазычылык билдирди. Атамбаев учурунда соттордун акыйкатсыздыгынан канчалаган адамдар жабыр тартканын белгилеп өттү.

 

 

Таң калыштуусу Текебаев камалгандан кийин аны сатып кетпей дайыма колдоп тургандар аялдар экенин айтты. “Мен жашоомдо аял тандоодо жаңылышкан эмесмин Роза Исаковна, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Асия Сасыкбаева сыяктуу аялдар менден баш тартып кетишкен жок, алар эркектерге караганда туруктуу болушат экен. Эркектер капа болбогула бирок аялдар туруктуу келишет экен” деп элди күлдүрдү.

 

 

 29-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылышты. Соттун бул чечими жалпы элге күтүүсүз болду.

Facebook барагыбызга жазылыңыз