Тажикстандын президенти күч менен күйөөгө берген келиндин зарлаган жүзүн дүйнө эли талкуулоодо

Тажикстанда ушул күнгө чейин “макулдашылган” нике традициясы бар. Буга эч ким деле таң калбайт, эки жаш үйлөнөр алдында эле таанышышат, бирок тил табышканга да жетишишет.

Бирок, Президенттин буйрутмасы менен болгон нике той, дүйнө эли үчүн накта сюрприз болду. Чындап эле ал бардыгынан өзгөчө.

Бардыгы, Саидшо аттуу жаш мугалимдин, тажик президентин даңктаган ыр жазганынан башталган. Өз ырын ал президент алдында, жан дили менен чын жүрөктөн окуп бергенде, президентке ушунчалык жагып калып, ага ыраазычылыгын билгизген. Сөз үстүндө Саидшонун 23 жашка чыкканына карабай бойдок экенин кайгыруу менен айтканын уккан президент кырдаалды тез арада жөнгө салууга сөз берген.

Чабармандар өлкөнүн булуң-бурчунан кыз издешип, акыры 22 жаштагы сулуу кыз, Марджона табылган. Мамлекет башчынын сөзү – жөн эле сөз эмес. Үлпөт тоюн чойбой, 10 күндөн кийин аны ишке ашырышты.

Жаш жигиттин сүйүнүчү койнуна батпай турса, аны буга чейин бир да жолу көрбөгөн кыз, үлпөт маалында бир дагы жолу жылмайган жок. Интернеттин колдонуучулары, буга чейин анын макулдугун эч ким сурабагандыгына ынанышты. Жуучулар адатта, макулдашууну кыздын үй-бүлөөсү менен жүргүзөт жана кыздын оюна көңүл бурушпайт.

 

Видео болсо бүт дүйнөдө талкууга алынды. “Таш доору!”, “Байкуш кыз”, “Кызды ушуга чейин белек катары берүүчү нерсе деп санашабы” деген сыяктуу талкууларга толду.

Айтмакчы, кыз, күйөөгө чыккысы келбегенин, бирок ата-энесине, өзгөчө президентке каршы чыга албасын моюнга алды.

Видеону өз көзүңүз менен көрүп, сиз да бааңызды берип кетиңиз.