Тажикстанда аза күтүүгө өзүнчө жаңы эрежелер чыкты

“Өкүрбө, чачыңды жулба, бетиңди тытпа. Ыйлаганга уруксат”

 

 

Тажик басамаканалары 500 экземплярдык тираж менен “Өлүктү акыркы сапарга узатуу жана көмүү ырым-жырымдарынын жобосун” басып чыгарышты.

Китепте республиканын жашоочуларын, аза күтүү иш-чараларында эмне кылса болот, эмне болбойт деген эрежелер жазылды.

Текстти өкмөттүн астындагы Дин иштери боюнча комитети даярдаган.

Жободо, адамдын өлгөн убактысына жараша жаназа кайсы убакта окулуш керектиги да жазылган.

Нускамага (инструкция) караганда, адамдарга ыйлаганга жана үч күн аза күтүүгө уруксат берилет. Эркектерге тебетей жана көк түстөгү жома (улуттук халат) кийип, белбоо менен байланганга мүмкүн. Бирок, белбоону көйнөк үстүндө да байлап жүрсө болот.

Аялдар болсо аза күтүү маалында чоң көк жоолук тагынганга, кенен көйнөк, же жоолук менен оролгон шым кийгенге уруксат берилет. Бирок, эркекке да, аялга да, кара кийим кийгенге тыйуу салынган.

Текстте дагы көптөгөн тыйуулар бар, мисалы, чачын жулуу, башына кум чачуу, бетин тытуу, катуу өкүрүү, кошок кошуу жана аза күтүү маалында микрофон колдонуу. Бул тууралуу Avesta агентствосу жазды.

Ошондой эле өлүктү көмгөнгө даярдоого жана көргө коюга да бир топ эрежелерди берген.

Аза күтүү церемониясы бүткөн соң, Тажикстан жарандарын көрдүн жанында көп кармалбоого чакырат. Ошондой эле, келген адамдарга тамак-аш тартууга жана мал союуга, анан дагы үчүлүгүн, кыркылыгын жана ашын өткөргөнгө тыйуу салынган.

Өлгөн адамдын үйүндө түнкүсүн жакын туугандарынан жана бала-чакасынан башкаларга болууга тыйуу салынган.

Башка ырым-жырымдар – «панч», «шаби хафт», «шаби нух», «рузи чил», «душанбеги», «джумаги» жана башкалар жаңылык деп эсептелип жана аларды өткөрүүгө тыйуу салынды.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.