Тарыхта калган стилдин эталону болгон 5 айым

Миллиондогон айымдар сулуу жана саркеч болууну, турмуштан артта калбай, жакшынакай кийимдүү болуп жана аларды сатып алганга акчалуу болгонду кыялданышат. Бирок стилдүү болуу ар бирине эле берилген эмес. Стилдүү айым - ким өзү? Сүрөттөөгө жана түшүндүрүүгө моюн бербеген анда эмне бар? Бай болуп, бирок стилдүү болбой деле койсо болот да, жакшынакай кийинип, бирок бир өзгөчөлүгү менен эсте калбагандай болсо деле болот го.

Кээде  алардын бири-биринен көп айырмаланбагандыгын, жакшынакай кийинген бир нече сулуу айымдарды жакын коюп билсек болот. Ошондо дагы алардын көйнөктөрү суктанаарлык, ал эми жүздөрү жагымдуу. Бирок стиль деген – бул андан да артыгыраак. Бул бир сулуу айымды экинчи сулуу айымдан өзгөчөлөнтүп турган нерсе. Стиль - бул автограф сыяктуу. Жасап коюу оңой, бирок так кайталоо кыйын.

Бул айымдардан сырткы назиктик стилди гана үйрөнбөстөн, сөзсүз түрдө турмушка ылайыктуу болгон: чыдамкайлыкка, эркиндикке, жашоого болгон сүйүүгө жана оптимизмге үйрөнсөк болот.

Жаклин Кеннеди (Джеки Кеннеди Онассис)

Джеки – «сулуулук бүт нерсени чечпейт» дегендин ачык мисалы. Классикалык өлчөм менен алганда Жаклин сулуу болгон эмес. Анын бети төрт бурчтук формасында, төшү кичинекей, буту чоң (41-өлчөм), өтө чоң көздөрү жана келбетсиз колдору болгон. Ошого карабастан ал көптөгөн муундардагы аялзатына стилдин иконасы болуп, анын кийимдерин бүт континенттеги  айымдар кайталап келишет жана анын табитин идеалдуу деп эсептешет. Ал өзүнүн кемчиликтерин эске албай, жакшы жактарына аябай көңүл бөлгөн. Жаклин өзүн эң жакшы нукта көргөзө алган, анын стили азыркы күнгө чейин дүйнөлүк тарыхта кайталангыс болуп келет. Джекинин стили – бул шик жана каардуулук, жөнөкөйлүк жана элеганттуулук. Анын көрүнүктүү стили, сырткы келбетинин кемчиликтерин билгизип койгон, бирок аларды, анын жакшы жактары басып кетет.

Жоолуктар Жаклиндин төрт бурчтуу формадагы бетин жөн гана жашырбастан, аны жумшак көргөзүп, анын стилинин визиттик карточкасы болуп калган.

Күндөн коргогон чоң көз айнектери Жаклиндин чоң коздөрүн гана жаппастан, анын жардамы менен бүт дүйнөдө аябай популярдуу болгон.

Кол кап дагы Жаклиндин визиттик карточкасы болуп калган. Кол каптары аркылуу анын кийимдери – кечки жана күнүмдүк турмуштагы көйнөктөрү – укмуштуудай көрүнүп калаар эле.

АКШнын биринчи айымынын костюмдары көрктүүлүктүн жана элеганттуу жөнөкөйлүктүн эталону болгон жана болуп келет.

Албетте Жаклиндин шляпалары – анын кайталангыс аксессуарлары.

Коко Шанель (Габриель Шанель)

Габриель Шанель чындыгында моданын ханышасы жана жер жүзүндөгү эң стилдүү аялдардын бири болуп саналат. Айтмакчы, классикалык сулуулугу жок Коко Шанель да, укмуштуудай стилдүү жана жагымдуу аял болгон. Өзүнүн түбөлүктүү, саркеч чыгармаларынын баарын чын көңүлү менен жасап, аларды бүт дүйнөнүн аялдарына белек кылып берип, өзү да баардык жактарга кийген.Кокого баш кийимдер абдан жарашчу,  алар анын образын кемтиксиз толуктачу. Мейли шляпа, мейли бант, мейли лента болсун, ал ар дайым өз ордунда жана табити менен болоор эле.

Бермет - Коко Шанельдин дагы бир символу. Алар ажырагыс эле.

Жана дагы албетте, кыскартылган кайталангыс Шанельдин костюмдары – жөнөкөй, сонун жана элеганттуу.

Кичинекей кара көйнөк, Коконун атын - эң универсалдуу жана укмуштуу аялдардын кийими катары түбөлүккө гана калтырбастан, өзүнүн дагы жакшы көргөн кийимдеринин бири эле.

Элизабет Тейлор

Сулуу Тейлор, жагымдуу жүздүн жана көптөгөн кинолордогу рольдордун ээси, сонун Голливуддук стилдин күнүмдүк жашоого киргизген мыйзам чыгаруучусу да болуп калган. Элизабеттин күнүмдүк кийимдери назик жана жасалгалуу эле. Тейлордун стилинин визиттик карточкасы, ичке белди баса белгилеген, чоң кур менен тартылган, кооздолуп жасалган юбкалар, чоң баалуу таштар, асыл жана асем кездемелер: атлас, бархат, жибек болгон.

Күнүмдүк гламур – мына ушул нерсе Тейлордун стилин мүнөздөйт.

Тейлор өзүнүн идеалдуу келбетин баса белгилегенди жактырчу, ал эркектердин жана элдин көңүлүн бурганды жакшы көрчү. Элизабет баалуу таштардын жаркыраганын, кездеменин көптүгүн, жалтырактарды жактыраар эле.

Айрис Апфель

Көрүнүктүү Айрис Апфель азыркы убактагы көптөгөн сулуу кыздарды басып коет. Ал оптимист, өзгөчө стили бар жашы өткөн айым – чыныгы стилдин легендасы. Ал аз болгон нерсени жаман көрөт жана анын табити абдан жакшы. Кийимде да, интерьерде дагы бир караганда жарашпаган нерселерди айкалыштыра билет. Айристин жана анын күйөөсүнүн фирмасы музейлер, Ак үй жана дүйнөдөгү эң белгилүү адамдар менен иштешишкен. Кызыгы, Айрис ата теги орустардын үй-бүлөсүндө туулган – анын ата-энеси АКШга көчүп кетишкен.

Айрис өз жубайы менен көп саякаттаган жана бүт жерлерден көптөгөн аксессуарларды, кийим-кечектерди жана жасалгаларды алып келген. Нью-Йорктогу костюмдардын «Метрополитен» музейи миссис Апфельдин уруксааты менен, анын кийимдеринин жана шуруларынын чоң көргөзмөсүн уюштурган. Бул көргөзмөдө  Айрис Апфельдин 300дөн ашуун аксессуарлар менен шуру-жасалгалары жана 82 кийими көрсөтүлгөн.

Шейха Моза (Катар шейхинин айымы)

Катардын жаркыраган биринчи айымы жана Шейх Эмирдин сүйүктүү жубайы, ага 7 бала төрөп берген, эч талашсыз дүйнөдөгү стилдүү айымдардын бири болуп саналат. Кеп анда эксклюзивдүү баалуу таштардын, эң белгилүү болгон Valentino, Chanel жана Yves Saint Laurent сыяктуу саркеч жылдыздуу коллекциялардын бар экенинде гана эмес. Анын стилинин өзгөчөлүгу эмнеде? Кеп анын эң мыкты табиттеги европалык дизайндарды өз өлкөсүнүн нугуна салып айкалыштырып алгандыгында. Ушул себептен аны чыгыштын айымдары гана стилдүү дебестен, бүткүл дүйнө анын мыкты боло алганы менен суктанышат. Шейха Моза Аль-Миснедди Forbes дүйнөдөгү эң барктуу аялдардын катарына кошкон, бирок ал өз өлкөсүнүн каада-салтын сактай билет. Ал билимдүү, акылдуу жана жагымдуу.  Анын өзүнүн кайталангыс, керек болсо бай айымдар дагы туурай албаган стили бар.

Узун жана келишимдүү Шейха Моза атлас, баркыт, жибек сыяктуу баалуу кездемелерди жактырат. Шейха Моза аны жакшы көрсөткөн өңдөрдү жакшы билет. Ал көбүнчө белге басым жасалган кийимдерди, жакшынакай узун көйнөктөрдү баалайт. Шейха Мозанын стили баалуу элементтерден турган классикага жакыныраак.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.