Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адамдын организмине кирген микробдордун башкы алып жүрүүчүсү колдор экени тастыкталды. Колуңду самындап кылдат жууган күндө дагы микробдордон арылбайбыз.
Врачтар, колду бат-баттан жууганды, тырмактын астын тазалоочу щетканы колдонгонду сунушташат. Ошондой эле алар дененин кээ бир бөлүктөрүн ашыкча кармалай берүүнү токтотууну айтышат. Ал бөлүктөр аркылуу микробдор организмге көбүрөөк жана батыраак киришет.
Эсиңерде болсун – кулакты эч качан кол менен чукубагыла. Кулак каналдары өтө жука болот жана ага доо кетириш оңой эле. Эгер кулак ооруса же бир дискомфортту сезсеңиз, дароо доктурга кайрылыңыз. Эч кандай элдик метод жардам бербейт.
Бетке, жуунуп жатканда же крем сүйкөп жатканда гана тийгенге аракет кылыш керек. Кандай болбосун, бетти кармалабанга аракет кылыш керек. Чекени сылаган, же ээкти кармалаган адатты таштоо зарыл. Бетти тырмаганга же жабышкан бир нерсени алып салыш үчүн салфетка колдонуңуз. Кир кол менен контакт болгон бетке жагымсыз безеткилер гана чыкпастан, олуттуу ооруларды дагы козгошу мүмкүн.
Адамдын эң аярлуу дене бөлүктөрүнүн бири – көз. Көзгө инфекцияны оңой эле киргизип алса болот. Эгер көзүңүз кызарып гана калса, анда жакшы, катаракта же конъюктивит, бул көз инфекция ооруларынын чекеси эле.
Адам бир саатта оозун же эриндерин 23 жолу – эгер ал зеригип жатса, 6 жолу – эгер ал бир нерсе менен алек болуп жатса, кармалап тураарын англия окумуштуулары аныктады. Ошондуктан, көбүнчө адамга, ооз аркылуу микробдор менен бактериялар манжалардан организмге өтөт.
Америкалы изилдөөчүлөр кызыктуу статистиканы жарыялашты – топ адамды мурун, тамак жана көз ичиндеги микробдорду изилдегенде, мурун чукуунун сүйүүчүлөрүндө стафилокок инфекциялары эки эсе көп болгон.