Сыйкырдын соңу: Гарри Поттер киносундагы 7 трагедия.

4-ноябрда жаш сыйкырчы Гарри Поттер жөнүндөгү кинофраншизанын биринчи сериясы чыгышына 15 жыл толду. Дүйнө боюнча легендарлуу Хогвартс мектеби жөнүндө китеп менен кинонун ышкыбоздорун санап мүмкүн эмес. Бирок кино бардык эле убакта сыйкырдуу обстановкада өткөн жок.

 

 

Дэниэл Рэдклиффтин аракечтиги

Бир нече жыл мурун Дэниэл Рэдклифф, кинонун башкы каарманы, өспүрүм жаштагы аракечтикке чалдыкканын моюнга алган. Анын себебин бир паста келген популярдуулук жана баш мээнин жогорку кан басымы менен түшүндүргөн. Азыркы күндө актер дары дармек менен дарыланууда.

Алан Рикмандын өлүмү

Алан Рикмандын өлүмү тууралуу маалымат кинонун фанаттарын жана анын талантынын көптөгөн ышкыбоздорун шокко алып келген. Кинодо Северус Снейптин ролун ойногон Алан Рикман көп жыл бою өттүн рак дарты менен ооруп келген, анын өлүмүнө ошол дарты себеп болду. Актер өзүнүн 70 жашына бир нече күн жетпей көз жумду.

Роберт Нокстун өлүмү

2008-жылдын 24-майында когтеврандын окуучусунун ролун аткарган Роберт Нокс барда бычак жеп коз жумган. Актер болгону 18 жашта болгон. Ал өзүнүн байкесине болушам деп көз жумду.

Преследование Эммы Уотсон

Актриса өзүнүн фанаттарынын көптөгөн коркутууларына дуушар болгон. Керек болсо фанаттардын бирөөсү Эмма окуган класска чогуу барып турган. Кино тартылып жаткан убакта ага Библия салынган көптөгөн каттар келген.

"Кээ бир кудайга ишенген адамдар Джоан Роулингдин сыйкыр жөнүндө китеби - бул шайтандын иши, ошондуктан Библияны оку деп ыйык китепти беришкен, менин үйүмдо жок дегенде эле 20 Библия чогулган"

дейт актриса.

Ричард Гриффитстин өлүмү

Гарри Поттердин байкеси Вернон Дурслдун ролун ойногон Ричард Гриффитс 2013-жылы 65 жаш курагында жүрөктүн операциясынан көз жумган.

Джейми Уэйлеттин наркотик менен болгон скандалы.

Кино тартылып жаткан убакта эле Драко Малфойдун бандасындагы Винсент Креббдин ролун ойногон Джейми Уэйлетт кара куурай өстүрүп саткандыгы үчүн кармалган. 20 жаштагы актер ал үчүн фанаттарынан кечирим сураган.

Ричард Харристин өлүмү

Ричард Харрис кинонун биринчи жана экинчи бөлүгүндө Хогвартстын дирокторунун ролун ойногон. 2002-жылы актердон лимфогранулематоз дарты табылып, бир нече айдан кийин көз жумган. Андан кийин Альбус Дамблдордун ролу Майкл Гэмбонго берилген.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.