Сыртынан жөнөкөй эле кыз, бирок анын сулуулугунун аркасында коркунучтуу диагноз жатат

Таанышып алыңыз, бул Тейлор Мюль жана ал абдан өзгөчө кыз.

Бул кызда көптөгөн аутоиммунндук көйгөйлөр бар, ал дайым ооруп турат жана, эң кызыгы, анын териси ар башка өңдө. Жакында Тейлорго химеризм деген диагноз коюшту. Бул эң сейрек кездешүүчү кубулуш, анын негизги көрсөткүчү адам өзүнүн төрөлбөй калган эгизинин клеткаларын алып жүргөндүгүндө.

 

“Менин ичимде мен жана менин эгизим бар”,

– дейт Тейлор Мюль өзү тууралуу

Бала кезинде Тейлор, курсагынын ар башка өңдө болушу – болгону пигментациянын натыйжасы деп ойлогон.

“Аутоиммунндук көйгөйлөр, мен он жашка чыкканда башталды: мен дайым ооруп жүрчүмүн. Ал аз келгенсип, эмоционалдык жактан да туруксуз болчумун, ошондой эле ашказаным менен да көйгөй көп болду”,

– деп Тейлор журналисттерге баяндап берди.

Сыртынан кыз кадимкидей эле көрүнөт, бирок клеткалык деңгээлде толгон-токой көйгөйлөру бар. Тейлор өнөкөт ооруганынын себеби, анын эгизинин клеткалары өз клеткаларына дайым атака жасап турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.