Сыртынан жаш көрүнүп, бирок ичи карыган адамдар кимдер? Сиз дагы болушуңуз мүмкүн..

Айрым адамдар сыртынан жапжаш болгону менен жан дүйнөсүндө картаң болушат. Эмне себептен? Кемпирди же абышканы кичирейтип койгондой деген атка конгон жаш адамдардын жаны кары экенинин билдирген 9 белгиге көңүл буралы.

 

 

1. Жалгыздыкты сүйөт

Карыган жан дүйнө ээлери алардын теңтуштары кызыккан нерселерге кош көңүл болушат. Бирөө менен оңой-олтоң дос боло бербейт. Ошондуктан көбүнчө жалгыз жүрөт. Адамдар менен мамиле түзүү аларга анчалык жага бербейт.

 

 

2. Билим, даанышмандык жана адилеттикти сүйөт

Мындай адамдарды жашоонун интеллектуалдык жагы кызыктырат. Сырты жаш болгону менен жаны карыя адам билим чоң күч-кудурет,  акыл – бакыт, чындык – эркиндик экенин жакшы түшүнөт, ал эң ириде мына ушул үч энергияга умтулат.  Мындай жаштар курбусунун жаңы бойфренди же акыркы футбол мелдеши кандай жыйынтыкталганына кызыкпайт дагы.

 

 

 
3. Жан дүйнө баалуулугуна умтулат

Негизи мындай эрте картайган немелер сезимтал, жан дүйнөсү бай болот. Алар кудум карыялардай өзүмчүлдүгүн ооздуктап,  арууланууга аракеттенип, тынчтык жана сүйүү бактысын баалашат. Бош убактыларында китеп окуп, өздөрүн өнүктүрүүгө, жаңы нерселерди билүүгө тырышат.

 

 

 
4. Жашоонун жалгандыгын жакшы билишет

Өмүргө тойбой турган жаш кезинде эле  жаны карыган  кыз-жигиттер чоң адамдардай өмүрдүн таттуулугун сезишет, жакшы жашоо үчүн аракеттенишет. Абдан бүйрө, сак, көп нерседен өзүн тарта билген өзгөчөлүгү менен тынч жашоону көздөйт.

 

 

 
5. Ойлуу, өзүнө өзү баа бере билет

Жаш болгону менен  аларды ой басып турат. Ар нерсени ойлоп сар-санаа тартат. Ой жүгүртүү, өзүнүн жана өзгөлөрдүн каталыктарынан сабак алат. Жашоодогу түрдүү кырдаалдарды  жакшылап изилдеп, байкай билет.

 

 

 
6. Көр дүйнөгө кызыкпайт

Байлык, статус, атактуулук,  айфондун жаңы үлгүсү… мына ушул нерселер  “жаны картайган” бечараларды тажатып жиберет.

 

 

7. Башкаларга окшобогон, социумга адаптация болбогон бала болгонсуз

Жан дүйнөсү карыган балдар кээде теңтуштарынан караганда улуу көрүнүшөт. Мындай балдарды көбүнчө эрте жетилген, интроверт, бунтарлар  деп коюшат. Алар башка балдарга салыштырмалуу айырмаланып турушат. Мындай балдар акылдуу келишет, баарын түшүнүшөт,  бирок теңтуштары мугалимдер айткан нерсени угушпайт, аларга билдирбей же ачык эле агрессия көрсөтүп турушат. Эгер балаңыз менен теңтушуңуздай сүйлөшүп бири бириңизди түшүнө алсаңыздар демек сиздин балаңыздын жан дүйнөсү кары экенин билиңиз.

 

 

8. Өзүңүздү картаң сезесиз

Картайган жан ээлери дүйнөгө этият мамиле жасап, жан дүйнөлөрү кудум кары адамдыкындай чарчап турат. Алар башка балдардан айырмаланып кыраакы, чыдамкай, тынч болушат. Айрым адамдардын “жүрөгү жаш” дейбиз. Ошол сыяктуу эле жаны картаң болот. Бул үчүн алар күнөөлүү эмес. Мындай адамдарды биз “муздак адам”, кайдыгер деп жаман көрөбүз.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.