Сүйүүдө 5 этап болот, бирок 90% адам үчүнчүсүндө такалып калат! Сизчи?

Романтикалык мамилелер ар кимдики өзгөчө болот, бирок жакын жактары көп, дейт CureJoy.

Бардыгы эле чыныгы таза сүйүүнү каалашат, бирок эмнегедир “жаңылдым” деген ойдон чыга алышпайт. Чынында, көйгөйдүн башы – үчүнчү этапка барып такалууда жатат.

 

1. Ашыктык

Ашыктык деген эмне? Бул адамдардын уругун улантуу үчүн өзүнө өнөк тапканга шарт койгон, бирок адам так жооп бере албаган жаратылыштын бир керемети. Сиздин ашык адамыңыз, туруп эле эч кандай кемчилиги жок, идеалдуу адам болуп калат. Сиз анын ар бир сөзүнө ишенесиз жана ал сиздин бардык калоо-тилегиңизди орундатат деп ойлойсуз.

Бул этапта сиз ушунчалык катуу ашыксыз, сизге сүйгөнгө эч нерсе жолтоо боло албайт.

2. Мамиленин түзүлүшү

Бул этапта ашыктык тереңдеп, сүйүүгө айланат. Бир нече жолугушуудан кийин чогуу болууга бел таштайсыңар. Бири-бириңерди жакшы билип, бири-бириңердин жашооңорго таасир кыла баштайсыңар

Сиз, “өз адамыңызды” тапканыңызга ишенесиз жана тагдырыңызды аны менен бөлүшүүгө даярсыз.

3. Кыялдардан арылуу

Бул, сезимдер муздап баратат деп ойлоп баштаган убак. Сүйгөнүңүзүн ар бир кыймылын билип жана анын жүрүм-туруму сизди кыжырлантып баштаганда, кичине тыныгуу алсакпы деп ойлоп баштаган кез.

Кийинки оюңуз: өзүмдү жана аны кыйнап эмне кылам, мурункудай ысыктык болбосо.

4. Байланышты бекемдөө

Эгер сиз жетишерлик күч жана себеп таап, кээ бир көңүл калтырган нерселерди ойлонбой, мамилени улантсаңыз, үчүнчү этапты өтүп, төртүнчүсүнө жетесиз. Эми сиздин ойлор кыялдардан кутулду.

Сиз, эмне маанилүү экенин түшүнүп, кемчиликтерди кабыл аласыз. Мамилени түздөп акыркы этапка өтүүгө убакыт келди.

5. Жашоону өзгөртүү үчүн күчтү бириктирүү

Эми пикир келишпестиктерди жеңип жана терең, күчтүү, узак убакытка мамиле түздүңөр. Бирдикте, жашоону өзгөртө алаарыңарга көзүңөр жетти.

Чоң максат үчүн бирге жашоого бел байладыңар.

Кандай дейсиз? Жогоруда айтылгандар менен макулсузбу?

Досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.