Сүйүү тууралуу сиз билбеген 10 кызыктуу илимий факт

 

 

 

 

1. Сүйүү кокаинге окшош

Эгер ашык болгон адамдын мээсин томографиядан өткөрсө, бир кызыктуу жагдайга туш болобуз: анын сыйлык системасына жооп берүүчү эки зонасы ашыкча дүүлүккөн болот. Окумуштуулар муну дофаминдин дозасы көп болгону менен байланыштырат – бул зат ырахаттануу сезимин ойготот. Кызыктуусу, мээнин бул зонасына кокаин дагы ушундай таасир берет.

2. Сүйүү – жашап кетүүнүн негизги ыкмасы

Көпкө түгөй болуп жүргөн жаныбарлардын мамилесинде 3 стадия болот: каалоо, берилүү, кыйбастык. Каалоо – бул бирөөгө багытталбаган сексуалдык драйв, берилүү – кайсы бир объектке кадалуу жана кыйбастык – көбөйүү үчүн болгон тыкыр байланыш. Адамдардын романтикалык сүйүүсү – бул ошол эле жаныбарлардын кичине өзгөрүү кирген берилүүсү экенине окумуштуулар ынанган. Ал биздин ата-тегибизде, жашоону улантуу максатында пайда болгон. Башкача айтканда, сүйүү – ар кимге жабышып, күчтүн баарын коротпой, бир гана адам менен тукум улоо максатында мамиле куруу.

3. Сүйүү 1,5 жылдан 3 жылга чейин уланат

Бул жерде биологиялык мааниси бар: мындай мөөнөт, байыркы адамдарда, эне менен баланын биринчи оор айларында атанын жанында болушунан кепилдик берген. Ортодо кандайдыр бир тоскоолдуктар болсо, көп убакыт көрүшпөсө – сүйүү узагыраак болот.

4. Сүйүү сокур

Немец изилдөөчүсү Андреас Бартель тастыктайт, мээнин дайым активдүү болгон кээ бир зоналары, ашык болгон адамда “уйку” абалында болот. Ал зоналар терс эмоциялар жана туура чечимдерди кабыл алууга жооп берет.

5. Деппрессия каяктан чыгат

Сүйүүдө жолу болбогон адам эки стадиядан өтөт. Башында дофаминдин деңгээли аябай жогорулайт. Бул “передоздун” акыры жинденүү менен сүйүү сезиминин курчушуна алып келет. Качандыр бир кезде экинчи фазага убакыт жетет. Дофамин орточо деңгээлден түшүп кеткенде, депрессия пайда болот.

6. Сүйүү – бул көз карандылык

Сүйүү мээге кокаиндей таасир берсени белгилүү, ошондуктан окумуштуулар бактысыз сүйүүнү, наркотикалык көз карандылыктан дарылагандай эле дарылашты сунушташат. Эскертип турчу болгон нерседен арылыш керек – сүрөттөрдү ыргытып, телефон чалбай, кандайдыр бир башка нерсе менен алек болуш керек.

7. Сүйүүнү дары менен айыктырса болот

Өз кылганын көзөмөлдөй албаган маньяктар сыяктуу, ашык болгондордун канында химиялык өзгөрүүлөр болот. Канда маанилүү гормон серотонин түшүп кетет. Окумуштуулар буга, жогоруда айтылган дофаминди күнөөлөшөт: ал табигый банги заты, көзөмөл системасын өчүрүп салып, адамды ар кандай алаңгазардыкка түртөт. Америкада, сүйүү аралашкан кылмыштын статистикасы ушунчалык чоң болгондуктан, окумуштуулар сүйүүнү дары менен дарылоону чындап эле сунуштуп келишет.

8. Серотонин сүйүүнү өлтүрөт

Эгер чычканга серотониндин чоң дозасын берсе, ал дайым жүргөн өнөгүнөн баш тартып, ар кайсы менен катнашка бара баштайт. Бул мындай түшүндүрүлөт: серотонин дофаминдин деңгээлин төмөндөтөт, ошону менен бирге – сүйүүнүн градусун дагы. Эскерте кетүүчү нерсе, заманбап антидепрессанттарда серотонин көп.

9. Жаңылануу сүйүүнү сактайт

Башка өлкөгө барган жубайлар, тааныш эмес жерлерде, жаш кездегисин кайра эстегенге жөндөмдүү. Жаңы нерсеге жооп катары мээдеги дофамин кайра көтөрүлөт, ал мээдеги унутулуп бараткан нерселерди ойготот, мисалы ашыктык кезди. Америка психологдору жубайларга жумасына жок дегенде бир жолу сүйүү кечесин өткөрүп турууну сунушташат. Бирок бир эле ресторанга бара бергенге болбойт. Дайым жаңылык издеп туруш керек.

10. Эркектер көзү менен сүйөт

Эркектерде, ашыктык убагында мээнин көрүү сезимине жооп берген зонасы активдүү болуп калат. Ошондуктан, эркек көзү менен сүйөт деп бекеринен айтпаса керек. Аялдарда, инстинкт үчүн жооп берген зона активдүү, ал өнөгүнүн бир нече жумалык иш аракетин эстеп калып, анан таразалайт. Ошондуктан, аялдар романдын биринчи фазасынын бардык деталдарын жакшы эстеп калышат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.