Суук тийгенден өлүп жатып: эркектердин ооруп жаткандагы 8 өзгөчөлүгү

Көпчулүк аялдар ооруп жатканда, айланасындагылар аны байкабай деле калышат. Эгер эркектин дене табы 37 градуска чыгып кетсе, ал өлүмдүн жакындап калган жытын сезип жана өзүнүн алып жүрүүсү да өлүм алдында жаткан адамдай өзгөрөт... Бардык эле эркектер мындай кыла бербейт дечи, бирок, негизи, көпчүлүгү эле ошондой.

 

 

1. Кыңкыстайт

Анын оюнда, ага жабышкан оору жөнөкөй суук тийгенге караганда өзгөчө катуу.

2. Бала кезин эстейт

Май менен шекер шыбалган бутерброд жасап берип, колуна пульт карматып койсоң туура болот го?

 
3. Спорт каналдарын көрүп жатып уктайт

Воллейбол футболго алмашат, андан кийин хоккей, акыры көркөм гимнастика. Ойгонуп жатып, дайым кызыктуу бир нерсени көрүп калат.

4. Сен жактырбаган сериалды көрөт

Ооруп атпайбы! Укугу бар, эмне кылса өзү билет, ал эми сен кичине чыдап кой.

 
5. Сенин жанында болушуңду талап кылат

Жаздыгын түздөп койгонго, дары алып бергенге, суу, тамак, башынан сылап турганга... Кээде кичине бала менен оңоюраак болот!

6. Боору ооруганды издейт

Сен эки күн мурун ошондой эле ооруганың аны кызыктырбайт. Көзүн карап, колунан кармап, өлүп калбасын айтып тур.

 
7. Ооруп атканын баарына жаят

Жумушуна телефон чалгандан кийин болгон маалыматты соцтармактарга жаят – эми болгон тааныштары сүрөттөр менен боору ооруган комментарийлерди жиберип башташат.

8. Секс менен алектенгенге аракет кылышат

Колунан келбесин көрүп тарса дагы алгачкы инстинкти шылтоо кылат

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз