Сүрөттөгү кайсы кол аялдыкы экенин айтып, табиятыңыз тууралуу көбүрөөк билиңиз

Кандайдыр бир мааниде адамдын психологиясы али башталгыч баскычында болот. Анын кайсы бир аймагын изилдеген сайын, сиз билбеген жаңы жагдайлары пайда боло берет. Жана карусель кайра тегеренип баштайт.

Бүгүн биз сизге табиятыңыз тууралуу кененирээк айтып бере турган чакан психологиялык тестти сунуштайбыз.

Анын натыйжасы бул суроого кандай жооп бергениңизден көз каранды: сүрөттөгү кайсы кол аялдыкы деп ойлойсуз?

 

А

Сиз чынчыл адамдарды жактырбайсыз, анткени көп учурда өзүңүздөн шектенесиз. Сиз интровертсиз жана өзүңүзду башкаларга көп ача бербейсиз. Бирок мамиледе сиз өзүңүзгө караганда башкаларга көбүрөөк маани бересиз. Бирок, сүйүп калганда сабырсыз болосуз, бул кээде көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Бир гана адамга, кырдаалга же нерсеге көңүл бурбаңыз. Жашоодо көңүл бура турган көп нерсе бар, жана ал жерде сиз өзүңүз акыркы орунда эмессиз.

В

Сиз сылык жана эстүү адамсыз, сизде боорукердик сезими көп, бул башка адамдарга чоң ишенимди жаратат. Сиздин досторуңуз көп, бирок суроо: алар күн, асман жана жамгыр үчүн гана доспу?

Сиздин досчул жана боорукер мүнөзүңүз дайым адамдарды өзүнө тартат, бирок сизди жөн эле пайдаланып, таштап кете тургандар көп экенин унутпаңыз.

С

Сиз бир аз өзүмчүл адамсыз, бирок аны өзгөртүү үчүн эч нерсе кыла албайсыз. Ошондой эле өзүңүзгө ишенич жетишпесе дагы, алдыңызга бийик максаттарды койгонду жактырасыз. Негизинен, компромисске барганды жактырбайсыз жана адамдарга боорукердигиңиз жок.

Амбицияңыз сизди ийгиликтүү жыйынтыкка алып барат деп ишенесиз. Сиз өз жөндөмүңүздү тана албайсыз, бирок бир күнү айланаңызда эч ким жок болуп, тилекке каршы, өзүмө жардам бере албай калам деп ойгонушуңуз мүмкүн.

 
D

Сиз көп күмөн санайсыз жана ушундан улам бир нече жолу кыйынчылыкка кабылгансыз. Сиз узак ойлонгонду жакшы көрөсүз жана эмне кылгыңыз келсе, андан ырахат алууну каалайсыз.

Сак болуңуз, анткени ар нерсенин чеги болот, эртеңкиге калтырган нерсеңиз эртең сизди күтпөй калышы мүмкүн.

Анын үстүнө, көп убакыт таразалаган адамдын кө нерсени кыла албайт, анткени алар көп убакытын ойлонууга кетирет. Муну биле жүрүңүз!

Е

Сиз абдан эмоционалдуу жана чыгармачыл адамсыз. Сиз жашаганды жана адамдардын үстүнөн байкап турганды жакшы көрөсүз, бирок жашоодо көп активдүүлүктү көрсөтпөйсүз.

Сиз дайым ишке ашырууну каалаган көптөгөн пландарыңыз бар, бирок алар чанда гана ишке ашат.

Эмнеге билесизби? Анткени сизде сабыр жок. Сабырдуулукту жана чыдамкайлыкты үйрөнүңүз жана жашоо бир топ жеңилдейт.