Сүрөттө көргөн биринчи жаныбар – сиз жөнүндө эмне айтат?

Биздин инстинкттер биздин инсандыгыбыз менен түздөн-түз байланышта. Демек, сиздин көз алдыңызда биринчи кезекте пайда болгон нерсе сиздин чындыгында ким экениңиз жөнүндө айтып бере алат.

Жогорудагы сүрөттү карап көрүңүз. Биринчи кайсы жаныбарды көрдүңүз?

 

Жыйынтыгы сиз жөнүндө мындай дейт:

1. Жираф

Эгер сиз көргөн биринчи жаныбар жираф болсо, анда сиз жөнөкөй жашаган, бирок бийик ой жүгүрткөн адамсыз. Сиз ордуңузда бекем турасыз, кичипейил жашоо өткөрөсүз, бирок ошентсе да сиз терең ой жүгүртүүңүз менен айырмаланып турасыз.

Сиз өзүңүзгө бийик максаттарды коюп, чоң бийиктиктерге жетип, чоң иштерди бүтүрүп, айланаңызда эң ийгиликтүү боло алаарыңызды билесиз.

Пейли пас адамдардан жана ушак-айыңдардан алыссыз. Кандай гана маселе болбосун, даанышмандык менен ой жүгүртүп, башкалардан айырмаланып жеңилдик менен иш алып барасыз.

2. Арстан

Эгер арстандын образы биринчи көңүлүңүздү бурса, анда сизди "табияттын падышасы" деп атоого болот. Сизде курч жүрөк бар, кыйынчылыктарга туруштук бере аласыз жана эч качан кыйынчылыктардан качпайсыз.

Сиздин күчүңүздүн булагы физикалык же материалдык абал эмес, ар дайым өзүңө ишенсе болот деген терең ишенимиңиз. Сиздин мүнөзүңүз айланаңыздагы адамдарды коркутушу мүмкүн, бирок сизди жакшы көргөндөр сиздин жүрөгүңүз жумшак экендигин билишет. Бул жакын адамдарыңызга чындап кам көрүүгө сизге түрткү берет.

Кыскасы, жүрөгүңүздө арстан жашайт - жапайы, күчтүү жана асыл зат!

3. Төө

Эгер сиз сүрөттө алгач төөнү көргөн болсоңуз, анда кандай болгон күндө дагы эч нерседен баш тартпаган адамсыз. Төө эң катаал шарттан ушунчалык кайраттуулук, токтоолук, өтө тырышчаактык менен аман-эсен чыгып кетет.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан жүзүңүздөн жылмаюу кетпейт, анткени сизде кыйынчылыктардан да күчтүү экениңизге ишеним бар. Жашоо сизге эң катуу бороонду алып келиши мүмкүн, бирок бороон басылаары менен сиз жеңүүчү болуп чыгасыз.

Ооба, сиз бир адамга жардам берүү үчүн алыска барууга даярсыз, бирок кимдир бирөө сизди өз кызыкчылыгына колдонуп жаткандыгын байкасаңыз, анда мындай чабандести өркөңүздөн оңой эле ыргытып саласыз.

4. Пил

Эгер сиз пилдин силуэтине көңүл бурсаңыз, анда сиз чындыгында терең инсандык сапатка ээсиз. Сиз ички күчүңүзгө ишенген адамсыз. Сиз майда-чүйдө нерселерге алаксып кете бергидей адам эмессиз, анткени сиз олуттуу нерсеге басым жасап, максатыңызга карай туруктуу кадам таштайсыз.

Эгер кимдир-бирөө сизге тоскоолдук кылууга аракет кылса, анда ал үчүн албетте аягы жакшы бүтпөйт. Кечиресиз, бирок сиз унутпайсыз.

Сиздин мүнөзүңүз айланаңыздагы көптөгөн адамдардын коркуу сезимин ойготконуна карабастан, сиз ишенген адамдар чөйрөсүндө өзүңүздү боорукер жана шайыр адам катары көрсөтөсүз.

5. Чочко

Эгер сиз алгач чочкону көргөн болсоңуз, анда сизди күчтүү интеллектуалдуу жана курч акылдуу адам катары мүнөздөсө болот. Бул жаныбарга көп маани берилбейт, бирок ал табышмактуу жандыктардын катарына кирет жана туруктуу мүнөзгө ээ.

Жаратылыш сизге күчтүү эркти жана ар кандай шарттарда жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн берген. Албетте, кээде өзүңүздүн жөндөмүңүздөн күмөн санайсыз, бирок кимдир бирөөнүн, бир нерсе жасай албайсың деп ишендиришине жол бербейсиз.

Өзүңүздүн жеке эрежелериңизди жаратканга көнгөндүктөн, коомдук нормаларга ылайыкташуу үчүн энергияны текке кетирбейсиз. Бир гана нерсе – эки жүздүүлүккө чыдабайсыз. Жана ар нерсени өз аты менен атоодон коркпойсуз.

6. Жылкы

Эгер сиз алгач жылкыны көргөн болсоңуз, анда сиз эркин болуу үчүн төрөлгөнсүз. Сизде учууга дилгир болгон рух жана чек араларды кеңейтүүгө түрткөн кумар бар.

Сизди колго түшүрүү мүмкүн эмес, анткени баарынан да сиз көз карандысыздыкты жогору баалайсыз. Бирок эркиндикти канчалык сүйсөңүз дагы, жакын адамдарга аябай берилген ишенимдүү адам бойдон каласыз.

Сиздин мүнөзүңүз сиздин көңүлүңүздү бурган жаныбардай сулуу. Бирок сизге каршы чыгууну чечкендер, баалуулуктарыңызды коргоого келгенде, башкарылбай турган жана ооздукталбаган азоо аргымакка айланып кетишиңизге толук ишенишет.

7. Аюу

Эгер аюу сиздин көз алдыңызда биринчи пайда болсо, демек, сиз күчтүү, эрктүү адамсыз. Сиз укмуштай харизма жана күч-кубат менен мактана аласыз. Бирок, ошол эле учурда, сизде баары сезе бербеген жылуулук жана назиктик бар.

Сиз жөн жерден тамашалашпачу адамдардынсыз, анткени сизди таарынткан адамдын жашоосун тозокко айланта аласыз. Сиз жаратылыштын күчтүү жана кооз элементисиз.

Мамилелерде туруктуусуз, сиз менен ойногондорду башынан эле жактырбайсыз.

8. Ит

Эң биринчи көргөнүңүз ит болсо, сиз берилгендикти баарынан жогору баалаган жылуу жана мээримдүү адамсыз. Өзүңүзгө болгон ишенимден башка эч нерсе сурабай, олуттуу мамиле түзөсүз.

Жакындарыңыз үчүн түзмө-түз баарын жасоого даярсыз, дал ушул касиет сизди ушунчалык укмуштуудай адам кылат. Кечирип же унута албаган бир нерсе – чыккынчылык. Сиз өзүңдүн берилгендигиңиздей эле коркунучтуусуз дагы.

Сиз иш жүзүндө ар кандай үстүрт нерселерге көңүл бурбайсыз, сиз үчүн ийгилик – бул сиз ынтымактуу мамиледе болгон бакыт жана канааттануу.

 

Сиз бул тыянакка макулсузбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.