Сураса да айтпай турган 6 нерсе

Биз, адамдар, коомдук жандыктарбыз, ошондуктан баарлашуусуз кыйын. Эч ким менен сүйлөшпөй коюу, ойлор менен бөлүшпөй коюу кыйын.

Кээде биздин баарлашуубуз мээбизге "азык" болбой эле, маектешибиз сөзүн бат бүтүрүп, экинчи сүйлөшпөгөнгө аракет кылган "ууга" айланат.

 

1. Өз ооруларың жөнүндө

Эгерде сиздин абалыңыз менен чындап кызыккан жакын досуңуз, тууганыңыз же үй бүлө мүчөсү болсо башка кеп. Бирок анализиңиздин майда-чүйдөсү, дарыгерге барганыңыз жана күнүмдүк абалыңыз симптомдору менен эч кимди кызыктырбайт. Биз өзүбүз жөнүндө маек курганды жакшы көрөбүз, жаш өткөн сайын ооруларыбыз жөнүндө кептер да кошулат. Короодо отурган эки кемпирдин бири бирине оорусун айтып отурганы башка, балким ал экөөнүкү окшош, анан дарылануу ыкмалары менен бөлүшүп жатат. Бирок тишиңиздин ириңдегени же геморрой өзүңүздүкү, эч ким менен талкуулап кереги жок.

2. Өткөн мамилелер

Жаңы мамиле баштап жатып эски жөнүндө сөз козгобой койгонго мүмкүн эмес. Учуру келгенде сүйгөнүңүздүн эски сүйгөнү жөнүндө угуп, өзүңүздүкүн айтып берген туура. Бул адамдын мүнөзүн, инсандык портретин билгенге өбөлгө түзөт. Бирок эң башкысы мамиле болгонун, эмне үчүн аяктаганын айтып берүү жетиштүү. Кандай жаман болгонун же жакшы болгонун, эмне кылып кайда барганыңарды талкуулап береги жок. Бул өткөн, ал эми сизде жаңы баракча ачылды.

 
3. Жеке архив

Кээде сизди өргүүдөгү сүрөттөрдү көргөзүүңүздү суранышат. Азгырылып болгон 150 сүрөттүн баарын, жакшы түшпөсө деле мактануу башталат. Ошондой эле колго жасалган нерселериңизди, үй бүлөлүк альбомду ж.б. Ашыкча жадаткычтык эч кимди өзүнө тартпайт, тескерисинче батыраак качканга аракет кылат.

 
4. Башка бирөөнүн сыры

Ушак - бул табу. Өзүңүз деле укмуш адептүү адамдын беткабын кийип жүргөн үчүн эмес, бирөөнүн артынан сүйлөгөн жаман нерсе. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бурмаланып ушак такыр башка нукка бурулуп кетиши мүмкүн, а башталышын сиз баштагансыз. Бул уят нерсе. Бирөөнүн ишине, өзгөчө үй бүлөсүнө кийлигишпегиле. Мисалы досуңуздун күйөсүн калпынан кармап калдыңыз. Айтуу керекпи же жокпу? Балким өздөрү чечишип алат. Жардам кылам деп тетири кылып албаңыз.

 
5. Мен

Өзүңүз жөнүндө аз сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. Биринчиден айланадагылар сиз жөнүндө канчалык аз билсе жашооңуз ошончолук тынч жана мыкты болот. Экинчиден диалогуңар монологго айланып кетет. Көп сүйлөгөнгө караганда унчукпаган жакшы. Федор Достоевский айткандай: "Досум, эсиңде болсун, унчукпаган жакшы, коркунучсуз жана сонун. Унчукпоо ар дайым сонун, унчукпаган ар дайым сүйлөп жатканга караганда сулуу". Эгерде ким менен сүйлөшүп жатканыңызды ойлонсоңуз мыкты маектешке айланасыз жана баарлашууну башкача көз караш менен карайсыз. Эгер ар ким өз кезегинде  реплика кылса, бири бирин укпай сүйлөшүүнү дудук менен сүйлөшкөндөй абалга жеткирет.

 
6. Башка бирөөнүн баласы

Жөнөкөй эрежени билип алыңыз: эч убакта башка бирөөнүн баласына сын такпагыла, өзгөчө ата-энесинин көзүнчө. Жүз жолу чын болгон күндө да. Ата-эне үчүн баласы ыйык, сизди жөн эле жек көрүп калат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.