Супермаркетте кол салуу: Казакстанда туулган аял мусулмандын паранжасын жулуп алды

20-февралда, Берлиндин Шенеберг (Schöneberg) районундагы супермаркеттердин биринде, 54 жашар аял мусулман аялдын паранжасын бетинен жулуп алган.

 

 

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Казакстанда туулган аял 28 жашар келиндин жанына келип, аны мазактап баштаган жана бетинен паранжасын жулуп алган. Инциденттин жыйынтыгында жабырлануучу жеңил жаракаттарды алган.

Маалыматка карасак, кол салуу Инсбрукер Платц (Innsbrucker Platz) супермаркетинде болгон. Окуянын аягында Түркиянын жараны кол салуучудан качып кеткиси келген, бирок тиги аял артынан ээрчип, кордогон сөздөрдү артынан кыйкырганды токтоткон эмес.

Азыркы тапта кылмышкер камакта. Ага ксенофобиялык кордоолор боюнча айыптоо тагылган. Тергөө уланууда.

 

Маалымат булагы

Facebook барагыбызга жазылыңыз