Сулуулука чек жок экенин делилдеген суктанаарлык 11 айым

 

 

 

 

Бул моделдер заманбап сулуулукка болгон көз карашты такыр өзгөртүштү. Алар өздөрүнүн өзгөчөлүгү менен бөлүнүп турушат. Бизге бул айымдардын жакканы: алар дайым өз калыбында жүрүшөт.

Шантель Браун-Янг

Канадалык модель, 3 жашынан терисинин пигментациясынын бузулушу менен жабыркайт.
Ал өзүнүн кемчилигин артыкчылыкка айлантып модель болгонго жетишти.

Виктория Модеста

Латыш ырчысы жана модель, төрөлгөндө врачтар бутун чыгарып алышкан. 15 жолу операция жасатып, жыйынтыгы чыкпаганда, тизесинен ылдый кестирип таштаган. Ошентсе да ал духун түшүрбөй, өзүнүн кесиптерин улантып келет. Көпчүлүктү өзүнүн иши менен үлгү болуп, шыктандырып келет.

Эрика Ирвин

35 жаштагы колифорниялык модель, дүйнөдөгү эң бойлуу модель болуп эсептелет. Анын бою 2 метр 5 сантиметр.

Маша Тельна

Өзгөчө чоң көздөрдүн ээси - украиналык модель Маша Тельна. Аны көбүнчө "келгин" жана "сулуу эльф" дешет.

Кармен Делль’Орефайс

Буль модель 84кө чыкты, бирок дагы эле глянец журналдарга тартылып, подиумга чыгып жүрөт.

Джейми Брюэр

Даун синдрому менен ооруган дүйнөдөгү биринчи модель жана актриса. "Американын коркунучтар тарыхы" сериалындагы ролу менен белгилүү.

Дениз Бидо

28 жаштагы пуэрторикалык модель, дүйнөдөгү эң көп суроо-талап болгон XXL модели болуп эсептелет.  Бидонун сыймыктанганы: анын 55 килограмдан жогорку салмактагы айымдарга үлгү боло алганы.

Кейси Леглер

Бул француз модели биринчилерден болуп эркектин кийимдерин реклама кылгын айым. Анын бою 188 см болуп, кыска чачы жана эркектикиндей бет түзүлүшү чындап эле эркек адамга окшоштурат.

Моффи

Бул айымды жаңы Кейт Мосс деп аташат. Ал өзүнүн чалыр көздөрү менен элге таанымал болду.

Диандра Форрест

Диандра - жашыл көздүү афроамерикалык альбинос. Альбинизм кара адамдардын арасында өтө сейрек кездешкендиктен мода дүйнөсүндө аябай бааланат.

Лолита, «кара Ханна Монтана»

Бул айым өзүнүн терисинин уникалдуу өңү менен элди өзүнө тартты. Ал өзүн «кара Ханна Монтана» деп атайт.

Facebook барагыбызга жазылыңыз